Кызмат абалынан пайдаланган жетекчи жоопко тартылабы?

Жалал-Абад облусунун райондорунун биринде жөнөкөй кызматкерге аты чыккан фирманын жетекчиси кол салып, келинди кайрадан жаман аттуу кылууда.

Облус аймагындагы райондордун биринде иштеген катардагы кызматкер келинге кол салуу болуп, кордолгон келин күнөөгө жыгылууда. Мындай маалыматты аталган кордукка кабылган Гүлүм Ибраева (Каармандын суранычынан улам аты өзгөртүлдү) билдирди.

Г.Ибраеванын айтымында, жумуштагы талап менен маалымат алып келүү үчүн бир ишканага баруусу шарт болуп, жолдо кетип жаткан жеринен райондогу бир фирманын жетекчиси келип унаасына зордоп салып, өз күйөөсүнөн көрбөгөн кордукту көрсөтөт.

“Эчнерсе оюмда жок эле ишим менен алек болуп кетип жаткам. Анан тиги киши унаасына салып, эч ким барбаган тарапка көздөй айдай баштады. Унаа өйдө тарапка жүрүп, ылдамдыгы азая түшкөндө унаадан секирип, түшүп калдым. Анан ал артымдан түшүп, көтөрүп чаап, соккуга алып, намысыма тийди. Мындай кордукту күйөөмдөн да көрбөгөм. Эми болсо өзүнүн кызматына таянып мени жаман аттуу кылууда. Мындан улам баш көтөрүп жүрүү кыйын болууда. Башка кандай жол тутууну, акыйкаттыкка кантип жетүүнү билбей жатам”,-дейт Г.Ибраева.

Бул боюнча жеке адвокат Максат Касымбеков төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Окуя болгон учурда эле райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышы керек болчу. Эгер окуя учурундагы кандайдыр бир далилдер боло турган болсо азыр да кеч эмес. Далилдерди экспертизага берип, жыйынтыгы менен сотко кайрылып, акыйкатыкка жетсе болду. Болгону мындай учурда “элдин сөзү” деп өзүнүн акыйкаттыкка жетүүсүнөн артка тайбашы керек”,-дейт М.Касымбеков.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”, 22.12.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*