Каардуу кайнене келинин айдап чыгып, себин бербей коюуда

Күйөөсү менен жакшы жашап жатып, кайнененсинин куугунтугуна кабылган келин себин ала албай кыйналууда.

Күйөөсү менен уруш-талашы жок, ынтымакта жашап, бирок кайненесинин куугунтугуна кабылган келин тоюнда берилген себин ала-албай акыйкаттык издөөдө. Мындай маалыматты Жазеля Белекова (каармандын суранычы менен аты өзгөртүлдү) билдирди.

Аталган окуя Сузак районунун айылдарынын биринде болгон. Ж.Белекованын айтымында кайненеси үйүнөн кууп чыгып, келинге жан тарткан уулун “Сен аялың менен кетсең, өлөм” деп коркутууга алууда.

“2 жыл мурун Айбек менен эл катары той кылып үйлөнгөнбүз. Барган күндөн эле кайненем өзүнүн каарын чача баштады. Күн өтүп жакшы болуп кетээр деген үмүт менен жашап жүрдүм. Акыркы күндөрү үйдөн кууп чыкчу адат таап алды. Ар дайым кайненем үйдөн кууганда жолдошум менен төркүнүмдө жумалап жүрүп калабыз. Эми болсо ажырашасыңар деп, мени чыгарып, уулун сен кетсең “өлүп калам” деп коркутуп, менин болсо себимди бербей жатат. Өзүм атам жок, апам оорукчан, тайларымдын колунда чоңойгом. Себимди да тайларым берген. Негизи жолдошум менен ажырашкым келбейт, жакшы көрөм”,-дейт Ж.Белекова.

Мындагы маалыматка ээ болгондон соң, каарманымдын акыйкатыкка жетүүсүнө жардамдашуу максатында юристтен кеңеш алууну туура көрдүм.

Максат КАСЫМБЕКОВ, жеке адвокат: “Ажырашпай эле себин сот аркылуу алып кетсе болот”

– Мындай учурда сөзсүз түрдө сотко кайрылуусу керек. Эгер жолдошу менен ажырашкысы келбесе же таптакыр ажырашпай туруп, себин алам десе сот аркылуу алса болот. Муну Сот мыйзамдын негизинде чечип берет.

Кошумчалай кетсек, жогоруда сүрөттөлгөндөй окуялар менен редакциябызга кайрылган жарандар акыркы кездери жүздөп саналат.

Урматтуу окурман, Эгерде Сиз юридикалык кеңешке муктаж болсоңуз жеке адвокат Максат Касымбековго 0779 371927 номери аркылуу байланышсаңыз болот.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”, 22.12.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*