Майып кызды өз тууганы зордуктаган

Өз алдынча сүйлөп, баса албаган кызды 9 жыл мурун туугандары зордуктап коюп, эми баласын багуудан баш тартышууда.

Өз алдынча басып,  ал тургай сүйлөй да албаган 29 жаштагы Мээрим (аты өзгөртүлдү)  9 жыл мурун өзүнүн тууган 3 иниси зордуктап коюп, эми баланы багуудан качышууда. Мындай маалыматты атын атагысы келбеген эже, сейил бактагы маегибизде билдирди.

Эженин айтымында, кызы төрөлгөндө эле дудук жана баса албай төрөлгөн. Бирок акыл эси өз ордунда болгон.

“Мээримдин сүйлөй албаганынан улам, мындан 9 жыл мурун өзүбүздүн туугандарыбыз, 16 жаштагы 3 жигит  бир нече ирет зордукташкан экен. Айгүл болсо ошол учурда 20 жашта болуп, сүйлөй албаганына улам окуя тууралуу эчкимге айткан эмес. Биз болсок качан гана Мээримдин ичи-чоңоюп, боюнда бар экени билинип калган учурда окуядан кабардар болдук. Тиги туугандарыбызга айтсак таптакыр баш тартып коюшту. Бирөө эле эмес үчөө тең зордуктап, эми баланы каралашпай жатышкандыгы өкүндүрүүдө. Бала болсо 9 жашка чыгып калды”,-дейт маектешим.

Эженин айткан кайгылуу баянынан улам мындан ары кандай кадам кылса болот деген суроо менен одвокатка карай бет алдым.

Максат КАСЫМБЕКОВ, жеке адвокат: “Сотко кайрылуусу керек”

– Алгач баланын атасы ким экенин аныкташ керек. Эгер ошол 3 баланын бири боло турган болсо сөзсүз түрдө сотко кайрылып, аталыгын аныктоо зарыл. Сотко кайрылган учурда тиги балдар аталыктан баш тарта турган болсо, жабырлануучу соттук экспертиза дайындап, баланын атасын аныктоого укугу бар.

Юридикалык кеңеш алуу үчүн 0779 371927 номерине байланышсаңыз болот.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды” 

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”, 15.12.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*