«Коомдун тирегин бузган коркунучтуу вирус»

da

Ардактуу окурман, “Диалог Евразия” платформасынын “Диалог аянтчасы” долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан талкуу-жыйындарыбыз уланып, коомубуздагы ар бир жаранды кайдыгер калтырбаган актуалдуу темаларды назарыӊызга сунуштап келатабыз. Бул жолу «Коомдун тирегин бузган коркунучтуу вирус» жөнүндө сөз кылып, үрөйдү учурган статистикалык маалыматарды угуп сыздап да, унутта калган асыл баалулуктарды эстеп ыйлап да алдык. Коомубуз үчүн эӊ коркунучтуу вирустун таралып баратканын эч этибарга албай кантип жашап жатабыз? Бул жолку талкууга педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиев, теолог, изилдөөчү Улан Усупов, “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин куратору Гүлсара Каримова, “Таберик” коомдук бирикмесинин активдүү мүчөсү Чынара Сыдыкова, “Диалог Евразия” платформасынын вице-президенттери Бакыт Абдуллаев, Элмира Абжапарова жана аты-жөнүн ачык айтылышын каалабаган үй-бүлөсү менен ажырашкан каарман катышты. Талкууну Эл аралык “ДА” журналынын редактору Сейитбек Идирисов алып барды.

idirisovС. Идирисов: Ардактуу катышуучулар, эӊ оболу куттуу үй-бүлөнү кармап турган баалуулуктарды жана үй-бүлөнүн бузулушуна себеп болгон кесепеттерди аныктап алсак…  

 

alimbekovА. Алимбеков:Үй-бүлө куруу маселеси ар бир доордо өтө татаал жоопкерчилик катары каралып келген. Чындыгында үй-бүлө бир мамлекеттин функциясын аткарат. Эң оболу ошол функцияны аткара албагандар, үй-бүлө оорчулугуна чыдай албагандар ажырашууга барышат. Баш кошуунун максаты – биринчиден, тукум улоо, өмүрдү узартуу, улутун көбөйтүү. Экинчиден – социалдаштыруу. Ч. Айтматовдун жакшы сөзү бар: “Адамдын эӊ эле чоӊ жакшылыгы – элге пайдасы тие турган бирөөнү даярдап чыгарганы”. Бул айтылышында өтө жөнөкөй сөз болгону менен, өтө жоопкерчиликтүү иш. Азыркы учурда ролдор алмашып, аялдардын ордун эркектер, эркектердин ордун аялдар тең аткара баштады. Адам дайыма колдоого муктаж. Азыр көчөдө, коомдо, башка жактарда кандай гана кырдаалга туш келбейсиң?! Бир гана үй-бүлө акыркы коргонуч бойдон калып жатат. Үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирин түшүнүп, бири-бирин колдобосо, анда эртеби кечпи үй-бүлөлөрдүн бузулушуна алып келет.

Ажырашуунун негизги себептери катары ишенбөөчүлүк жана кызганыч турат. Экинчи кыял мүнөзүнүн туура келбеши болуп саналат. Үчүнчүсү, эң жаман алкоголизм, наркомания. Мындайлардын өзүнүн тагдырына дагы жоопкерчилиги жок. Азыркы жаштар конфликттерди чечүүгө даяр эмес. Баш кошууда ата-энелердин кеңешине маани берилбей калды. Бизде, мусулмандарда, кыргыздарда үй-бүлөнү кармап турган өзөк бар деп ойлойм. Алар – балдар алдындагы жоопкерчилик, бул эң башкы оорунда турат.

shergazievЖ. Шергазиев: Мээримдүү, ырайымдуу Аллахтын аты менен баштайын! Азыркы учурубузда ажырашуу көйгөйү – өтө орчундуу маселеге айланып баратат. Биздин фатва бөлүмүбүзгө өтө көп суроолор менен кайрылышат. Алардын ичинен эң көп суралганы “талак” маселеси. Бир кварталда 400 адам кайрылса, алардын 250сү ушул маселе боюнча келишет. Калгандары соода сатык ж. б. маселелер менен келгендер. Биз дайыма айтып келебиз: талак – бул шариятта адал болгон эң акыркы арга. Тактап айтканда, Аллах Таалага жаман көрүлгөн нерсе. Молдокелер, ата-энелер, чоң ата, чоң энелер, достор ж. б. эки тараптын жакындарынын бардык аракеттерине карабастан, түгөйлөр жашабайбыз деген бүтүмгө келишкенде гана “талак” берилет. Анан эч кандай олуттуу себеби жок, сабыр кылбастан, ачууга алдырып ажырашып кетүү туура эмес. Ыйык Куранда айтылгандай, үй-бүлө ырайымдуулук, мээримдүүлүк, сабырдуулук, кайрымдуулук сыяктуу асыл баалуулуктардын пайдубалына курулат. Бул баалуулуктарды аздектей албаган адам турмуш курбай эле койгону оң. Үй-бүлө кургандан кийин түгөйлөр жашоонун ысык-суугуна, ачуу-таттуусуна, айтор бардык учурда бири-бирине жөлөк-таяк болушу керек. Мындан да кейиштүү нерсеге басым жасагым келет: бир аялды бага албай туруп, экинчи аял алганга аракет кылгандар көбөйдү. Мындайлар сурасаң динди деле жакшы түшүнбөйт. Башкача айтканда, кээ бирлери биринчи үй-бүлөсүнүн проблемасынан качып, экинчисин алып жатат. Андан кийин бизде баш кошкон жаштардын жакындарынын көбүрөөк кийгилишип койгону азыркы ажырашуулардын негизги себептери катары көрсөтүүгө болот. Эң негизгиси жоопкерчилик сезимден ажырап калгандан болуп жатат.

С. Идирисов: Негизи динде эки аял алууда “материалдык-моралдык жактан толук камсыз кылуу керек” шарт так көрсөтүлгөнбү?

Ж. Шергазиев:Куранда шарттуу түрдө 4кө чейин аял алса болот деп айтылат, бирок бир шарты бар: баарына моралдык жана материалдык жактан адилеттүү мамиле жасашың керек. Эгер ага күчүңөр жетпесе бирөө менен эле өмүр кечиргиле деп Куранда ачык айтылган. Эркек адам үйлөнгөндө үй-жай, тамак-аш менен камсыз кылууну мойнума алам деп үйлөнөт. Анан ошол жоопкерчиликтен качып экинчи аял алууга аракет кылуу бул шайтандын иши. Ошон үчүн жогоруда Акматали агай айткандай, мен дагы бир ирет басым жасап айткым келет: адамдык жоопкерчилик керек. Аялдын дагы, эркектин дагы жоопкерчилиги белгилүү. Кандай маселе болбосун биз көбүнчө себептер менен эмес натыйжалар менен күрөшөбүз. Ажырашуу боюнча дагы натыйжасына эмес, себептерине чара издөөгө аракет кылуубуз керек.

С. Идирисов: Анда сөздү үй-бүлөлүк психологго узаталы, Гүлзина эже, ажырашууга негизинен эмне себеп болуп жатат?

madraimovaГ. Мадраимова: Үй-бүлө бекемдиги – бул глобалдуу проблемага айланып баратат. Ажырашуу мурунку замандарда деле болгон, бирок, азыркы статистикадагыдай (жылына орточо 50 миңдей нике катталса, 8-13 миң жубай ажырашат-Ред.)  үрөйдү учурган көрсөткүчкө жеткен эмес да. Мунун эң негизги себеби бүгүнкү күндүн адамдарынын адамдык касиеттери, жүрүш-турушу, мүнөзү таптакыр башкача болуп калды. Натыйжада үй-бүлөнүн баа-баркы түшүп кетти. Коломтодо атанын, эненин кадыры жок, мындай үйдөгү баланын да келечеги жок. Психология илиминде бала эненин курсагында жаткан мезгилде эле бардык позитивдүү, негативдүү абалдарды сезип, сезимине сиңире баштайт. Муну бир дагы ата-эне этибарга албайт. Мейли урушуп-талашуу болсун, таарыныч, жек көрүү болсун, атүгүл “мен сени менен жашабайм, барибир ажырашам” деген түркөйлүк өпкөлөнүүлөр болсун, мунун баарын бала угуп, жүрөгү менен сезип жатат, денесине жазып алат. Анан төрөлгөндөн кийин ошол денесине, жүрөгүнө сиңип калган сезимдер менен жашай баштайт. Бул кудум эле бул дүйнөдө жашап жатып аркы дүйнөнү түшүнө албаган сыяктуу эле нерсе, муну акушер-гинекологдор жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан үй-бүлө курар алдында сөзсүз үй-бүлөлүк психологдордон, дин кызматкерлеринен, даанышман чоң ата, чоң энелерден жакшы кеңеш алып, анан турмуш куруу зарыл. Элибизде жакшы накыл сөз бар: “Үйлөнгөнгө чейин көзүңдү төрт ач, үйлөнгөндөн кийин көзүңдү жумуп жаша” деген. Эки түгөй бири-биринин жетишпеген кемтигин жамап жашашы керек. Бизге “ажырашканы жатабыз” деп кеңеш сурап келген түгөйлөрдүн көпчүлүгүнүн ата-энелери ажырашкан болуп чыгып жатат. Бул уяда эмнени көрсөң учканда ошону кыласың деген эле сөз да. Бирөөсү апанын мээримине, экинчиси атанын боорукердигине тойгон эмес. Бардык маселе барып эле тамырына такалат.

С. Идирисов: Үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, милдеттер тууралуу абдан жакшы пикирлер айтылды. Үй-бүлөнүн кадыр-баркынын жоктугунан ажырашуулар көбөйдү деген бүтүмгө келип калдык. Эми Улан мырза сиз айтсаңыз, канткенде куттуу коломтонун зоболосун көтөрө алабыз?

У. Усупов: Туура сууроо коюлду, биз үй-бүлөнүн статусун көтөрүшүбүз керек. Үй-бүлө боюнча мамлекеттик маанилүү саясат болуш керек. Көбүнчө үй-бүлөнүн касиети, кадыр-баркын даңазалаган маалыматтар коомго тарабай жатат. Белгилүү ислам аалымы Ф.Гүлен айткан экен, “Эки нерсеге сертификат берилүүсүн туура көрөм” – деп. Биринчиси, ажыга кетип аткандарга “Ажылык милдетин толук аткарып келе алат!” деген сертификат берүү керек. Меккедеги Мина, Арафат сыяктуу тоолордун макетин жасап, кайсы жерде Куран окуйт, кайсы жерде дуба кылат, кайсы жерде кандай түрдөгү намаз окулушу керек, кыскасы ийне-жибине чейин окутулуп анан сертификат берүү керек. Экинчиси үй-бүлө кура тургандарга “Бул жигит же кыз үй-бүлө кура алат!” – деген сертификат. Бул сертификаттар белгилүү мөөнөттөгү, белгилүү программадагы курстан өткөндөн кийин берилет. Бүгүнкү күндө кыргыздын уул-кыздарына тарбия берчү ата-энелер жумшак тил менен айтканда мигрант болуп кетти, катуу тил менен айтканда тентип кетти. Анын баласын, кызын ким тарбиялап жатат. Бир сөз менен айтканда үй-бүлөлүк тарбиялоо институтубуз кыйрап калды, жаштарыбыз толук кандуу тарбияны көрбөй жатышат.

Анан үй-бүлөнүн баркын түшүшүнө экономикалык кырдаалдар да кедергисин тийгизүүдө. Үй-бүлөсүн бага албай депрессия болуп өз жанын кыйгандар да болуп жатат. Болбосо алыска барып иштеп үй-бүлөмө каражат жиберем деп барып, ошол бойдон башка үй-бүлө куруп бул жактагы үй-бүлөсүн унутуп калгандар толтура. Ошондуктан ар бир үй-бүлөгө колдоо көрсөтүшүбүз керек да. Чет мамлекеттен күтүү эмес, атайы коомдук уюм, же колдоо борбору ачылыш керек деп ойлойм. Анан сөзсүз түрдө үй-бүлөнүн кадыр-баркын көтөрө турган, терең мазмундуу китептер жазылышы керек. Коомдун бул багытта, өнүктүрө турган котормо борборлору да иштеши керек деп ойлойм.

С. Идириосв: Мен сиз айткан суроону тактап алайын, мисалы Түркияда үй-бүлөлүк бардык маселелерди мамлекеттик денгээлде чечкен Үй-бүлө министрлиги бар. Сертификат боюнча, Акматали агай бул маселени кантип ишке ашырса болот?

А. Алимбеков: Туура айтылды.Мурда орто мектептерде “Үй-бүлө турмушунун этикасы жана психологиясы” деген сабак бар болчу. Бул сабакка арналып 1-2 китеп да даярдалган, программасы да түзүлгөн эле.Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген да болчу. Бирок ошол ишке ашпай калды, сертификатты менимче ушул курсту бүтүргөндөргө берсе максатка ылайыктуу болмок.

С. Идирисов: Бүгүнкү талкууга атайын аялдардын коомдук фонддорунун өкүлдөрү да чакырылган. Сиздер айтсаңыздар, өзүңүздөрдүн ошол фондуңуздарда үй-бүлө маселеси боюнча кандайдыр бир семинарларды өткөрүп, сертификат берүү жолун карадыӊарбы?

karimovaГ. Каримова: Биз “Мутакаллим” коомдук фонду дээрлик 100% аялдар менен иштешебиз, сертификат маселеси чындыгында каралган эмес, үй-бүлө тынчтыгы, эненин камкордугу, баланын камкордугу деген көптөгөн темаларда региондордо семинарлар уюштуруп өткөрүп келебиз. Ажырашуу көйгөйүн биз мындан 3 ай мурун көтөргөн элек. Эмне себептен ажырашуу көбөйүп баратат? Сиздер айтып жаткан себептердин баары туура. Ошону менен бирге биринчи кадам эки жаштын табышуусу маанилүү да. Буга айланасындагы жакындары жардам берүүсү керек. Жогоруда айтылган сертификат берүү маселеси жакшы сунуш. Бирок муну 9-10-11-класстын базасында деп жатасыз, андан кийинкиге деп ойлойм. Анткени бизде ансыз деле 9-классты бүтүп, күбөлүктү алып туруп, кесиптик лицейлерге кетип жатышпайбы. Ошол жерди бүтпөй туруп турмуш курат, а жашын карап көрсөңөр 16-17 жаштын ортосу ал кезде кыз, жигит токтоло элек. Ошон үчүн бул сертификатты 18-25 жаштарга багытташ керекпи деп ойлойм.

У. Усупов: Бул жагынан мен да кыстырма айта кетейин, демографиялык маселесин чече албаган улут, же мамлекет өсүүгө жөндөмсүз. Бүгүнкү күндө эмне глобалдашып жатат? Согуш, уруш, кайгы-муң глобалдашып жатабы же мээримдүүлүк, боорукерлик глобалдашып жатабы? Достоевский айткан экен, “Дүйнөнү сулуулук сактап калат” деп. Достоевский сырткы сулуулукту айтса, анда мен анча кошула бербейм, эгер жан дүйнө сулуулугун айткан болсо кошулам. Сырткы сулуулук бул түбөлүктүү эмес, бүгүн сен жашсын, сулуусуң, эртен ал сулуулугуң кетет. Эне – бала үчүн түбөлүктүү сулуу. Ошон үчүн дүйнөнү мээримдүүлүк, боорукерлик, кайрымдуулук, кечиримдүүлүк сактап калат. Демек дүйнөнүн түркүкчөсү, клеткасы болуп саналган үй-бүлөнү да ушул нерсе сактап калат. Жаштарды чыныгы баалуулуктар менен тарбиялоо маселеси жатат, себеби, жаштар жалган баалуулуктар менен жашап калышты.

С. Идириосв: Бүгүн сиздерге ажырашуунун азабын башынан өткөргөн бир каарманыбызды чакырганбыз. Ажырашуу эмне экенин өз жашоосунун мисалында айтып берсин? (Каарман аты-жөнүнүн ачык айтылышын каалабады, ошондуктан жөн гана Сыздаган Жүрөк деп атап койдук – Ред.)

Сыздаган Жүрөк: Мен эң оболу 18-20 жаштан кийин үй-бүлө куруш керек дегенге кошулбайм. Ал нерсе үй-бүлөдөгү аял-эркектин дүйнө таануусуна, таалим-тарбиясына, адамдык парасатына көз каранды. Илгери чоң апаларыбыз 16-17 жашында эле турмушка чыккан. Узак өмүр сүрүп, бактылуу жашап 8-10 баланы татынакай эле тарбиялап өстүрүп чоңойтуп койгон. Азыр 25-30 жашка чыгып үйлөнсө деле бир жыл жашап ажырашып кетип жатышат. Менин бир досум 25 жашында үйлөндү, аябай дүркүрөтүп той берди да кайра 3 айдан кийин ажырашып кетти. Себеби бири-бирин жакшы тааныбай, түшүнбөй калышыптыр. Менимче жалгыз колдон чаң чыкпайт. Демек акыл токтотуп калгандан кийин үй-бүлө куруш дегенге мен толук кошулбайм. Ажырашуу менин деле башымдан өткөн. 22 жашымда үйлөнгөм, аялым 20 жашта болчу. Башында баары жакшы башталган, бирок, аягында баары башкача болуп жыйынтыкталды. Жогоруда Жоробек агай айтпадыбы, “Ажырашаарыңарды билгениңерде үйлөнбөй эле койбойт беленер?!” деп. Бирок, ким эле ажырашып кетебиз деп үйлөнмөк эле?.. Эмне болуп кетерин алдын ала эч ким билбейт да. Биз деле жакшы ойдо үйлөнгөнбүз, тилекке каршы ажырашып кеттик. Ажырашуунун себептерин айтсам Акматали агай айткандай, күйөөсүнүн көзүнө чөп салуу биринчи себеп болду. Жаштык кылдыбы башкалар менен телефондо сүйлөшүп жаткандарын өз көзүм менен көрүп кармап алдым, эркектер бардык нерседен кызганышат, өлтүрүп койгонго чейин барат. Мен бирок жакшы жол менен чечтим. Бир кызым бар, экөөбүздө тең күнөө бар, өзүмдү ак деп аны күнөөлөбөйм. Чыккан кыз чийден тышкары деп коет эмеспи. Экинчиден кыздын ата-энесинин кийлигише бергени жаман нерсе экен. Улуу сөздүн уяты жок, күнүнө дааратканага барганга чейин айта берчү, ар бир сөздү ата-энесине ташый берчү. Биринчиден менин сыйымды жоготту, анан өзүнүн сыйын жоготту. Орустардын мындай сөзү бар го “Аялы элдин көзүнчө күйөөсү менен талашып-тартышпаш керек!” деген, эгер күйөөсү шекер “кара” деп айтса маанилүү эмес анын ак экени. Аялы күйөөсүн колдоп туруш керек.

Ал кезде жаш экенмин. Мен аялыма ишенем, ал да мага ишенет бир күнү кайын журтумдун үйүнөн бир нерсе жоголот, анан менден шек санашып, сүрөтүмдү көтөрүп алып төлгөөчүгө барышат. Мен төлгөөчүгө ишенбейм, лөлү төлгөөчү ушул алган деп мени айтып коюптур. Лөлү төлгөөчү калп айтып коюптур деп кыргыз төлгөөчүгө барышат, ал да мени көрсөтүп коюптур. Анан мени күнөөлөй башташты. Анан менин ишенгеним эле аялым болуп турат жанымда, азыр мага колдоо көрсөтөт деп ойлогом, ал да төлгөөчү айтып жатса мен эмне кылам деди. Ошол жерде үмүттүн баары кыйрады. Бирок кийин уурдалган нерсеси башка бир тууганынан табылып, менден кечирим сурап келишти. Көзүнө чөп салуу деп жатпайбы, бул деген эркек үчүн сокку.

Г. Каримова: Сиз ага чейин аялынызды таанып билет белениз, сөз ташыган кыз үйлөгөнгө чейин билинет да?

Сыздаган Жүрөк: Алганга чейин таанычуумун, кыз кезинде баары жакшы жаман аял кайдан чыгат дегендей. Бул жерде балким аялымды жолдон чыгарган кайра эле өзүнүн туугандары болду окшойт.

С. Идирисов: Жаш кыздардын оюн дагы угуп көрөлү, айтсаңыз Чынара айым, сиздин оюңузча жубай кандай сапаттарга ээ болуш керек?

Ч. Сыдыкова: Кудай бут-колду жуп жараткан сыяктуу, үй-бүлөдө да аял-эркекти жуп жараткан да. Бири-бирин толуктап турат. Булар бири-биринин милдетин талашпашы керек. Кээ бир учурда аял, а кээ бир жагдайда эркек унчукпай эле койгону оң. Азыркы учурда урушуунун себеби текеберленүү, кемсинтүү, менменсинүү болуп жатат. Аялдардын иштегени жакшы, бирок, аялдар бир аз акча таап келсе өздөрүн жоготуп жиберишет, мен таап келдим деп. Анан дагы кыздар өзүнүн жоопкерчилигин билишпейт, даярданып турмушка чыгышпайт. Мисалы жигитке жетимиш өнөр аздык кылат десек, аялдарга андан дагы көбүрөөк өнөр керек. Кыздардын колунан гүл төгүлүп туруш керек. Кичине эле эт жок болсо эч нерсе жок дегендер бар да. Жок андай кылбаш керек. Кыз картошка менен сабизди аралаштырып деле соонун тамак жасаса болот. Медицина болсун, кол өнөрчүлүктө болсун эне бардык жагынан өзүн өнүктүрүп туруш керек. Башкача айтканда аялдык жогорку чыгармачылыгы бар жубайлар үй-бүлөнүн анык куту боло алат!..

С. Идирисов: Эмне үчүн улуттук нарк, салт-санаа, накыл кептер азыркы жаштарга таасирин тийгизбей калды? Наркты укпаган жаштардабы күнөө же, наркты жеткире албаган улуулардабы?

А. Алимбеков: Элибиздин наркын салтын түшүндүрүүнүн жаңы ыкмаларын ойлоп табуу керек. Азыр тойлорго барып көргүлөчү, эмне деген сонун каалоолор айтылат, а бирок ошол баш кошуп жаткан жаштарга кыпындайда таасирин тийгизбейт. Атаӊа наалат айттырба, энеңдин көңүлүн оорутпа, ыймандуу балдарды тарбиялагыла ж.б. деген кеңештер айтылат.

Г. Мадраимова:“Эркектин камчысы кайраттуу болсо, аялдын жашоосу таттуу болот” деген сөз бар. Мен бул сөздү психолог катары мындай чечмелер элем: Аял киши бир айда бир жолу кутурат. Ошол кезде эркек аялынын көңүлүн көтөрүп, бир жолу төркүнүнө жөнөтүп койсун. Ал эми эркек бир жумада бир жолу кутурат. Жума сайын эркектин кыялынын бузулушун байкап, аял киши дартын сезиши керек, күлүп-жайнап тамагын берип, жакшылап көңүл буруп койсун. Биз Европа эмеспиз. Биз кыргыз болуп туулганбыз, кыргыз бойдон калабыз. Мен Европанын көйнөгүн кийип алсам дагы, тилин сүйлөп жатсам дагы баары бир кыргыз бойдон калам. Жанагы сертификаты бар курста биз эмнелерди үйрөтүшүбүз керек? Эң оболу ошол накыл кептерди чечмелеп, турмуш жөнүндө бир пособие жазылып, баарын камтып туруп анан аны мыйзамга тапшырыш керек. Кыргыздын нукура баалуулуктары менен салттуу дин аркылуу мектеп программасына киргизсе болот.

С. Идирисов:Бул пособиени үй-бүлөлүк психологдор, этнопедагогдор, теологдор ж.б. биргеликте жазып, тиешелүү министрликке чогуу сунуштайлы…

abdullaevБ. Абдуллаев: Менин оюмча,кандайдыр бир мыйзамдык-укуктук актыларсыз же бюрократиялык процесси жок эле элдин каада-салты жана түшүнүгү менен чечиле турган жолдорду өнүктүрүү керек. Өкүл ата-өкүл эне деген институт азыркы учурда мода болуп баратат. Кимдин колунда бар болсо же жогорку кызматта отурган бирөөнү өкүл ата кылышат. Оболу үйлөнгөнгө чейин жаштарга ар кандай форматта тарбияны бериш керек. Бирок кааласа каалабаса жаштар ката кетирет. Ошондо ортомчу боло ала турган жана дипломат адам катары даанышман өкүл ата жана өкүл эне ажырашууну алдын алууда маанилүү ролду ойной алат деп ойлойм. Мунун мисалын көп эле көрүп жүрөбүз.

abjaparovaЭ. Абжапарова: Терең ойлонсок, баары келип мамлекеттик идеологияга барып такалат. Үй-бүлөнү кыйратсан коомдун баарын кыйратасың. Анткени үй-бүлө тарбиянын, жакшы сыпаттардын башаты, адамдардын келечекте ала турган багыты. Мамлекеттик идеология жок болгондуктан теледен, интернеттен же башка булактардан балдарыбыз ар кандай туура эмес маалыматтарды алып жатат. “Свободный доступ” деп коёбуз. Бүт баарына жете алат, аларды караган ата-эне да жок. Алардын баары жумушта. Тыя да албайбыз, чогуу олтуруп көрө турган программа да азыр жокко эсе. Бул маселелерди көтөрүп келе жатабыз.“Теленин коомго тийгизген таасири”, “Мультфильмдердин балдарга тийгизген таасири”, “медианын балдарга болгон таасири” сыяктуу темаларда бир катар талкууларды уюштурганбыз. Анткени, медиа чоң идеологиялык курал болуп саналат. Аны илим жагынан карасак адамда “зеркальный нейрон” деп коёт. Адам эмнени көрсө ошону кайра кайталаганга аракет кылат. Бул деген адамдын психологиясы. Жаш балдар көргөн нерсесин үлгү катары кабыл алат. Бардыгын сиңирип алат анан аны бир күнү чыгарат. Мамлекет катары өзүбүздү сактап калууну ойлосок, анда үй-бүлөгө чоң маани беришибиз керек. Биздин улуттук көз карашыбызга туура келген программаларды эле теледен көрсөтүү керек.Кандайдыр бир деңгээлде цензура болуш керек деп ойлойм. Себеби, билинбегени менен тамчылап олтуруп балдарга туура эмес тарбия берилип калат. Ошондуктан азыр эмне себептен жаш кыздар кайнененин бир сөзүнө чыдабай барып эле үй-бүлөсүн бузуп же байлыкка кызыгып чет өлкөгө турмушка чыгып жатат. Биздин жаштарда баалуулуктар өзгөргөн. Анын себептеринин бири, медиадан берилген маалымат.

Чынар Сыдыкова: Азыр жаштар китеп окубай калбадыбы. Азыр жаштарды телепрограммалар аркылуу үй-бүлө курууга даярдасак болот. Тамак жасаганды, тикмечиликти, бала тарбиялоону, жубай болуу чеберчилигин ж. б. телевидение аркылуу коомго сиңирсек болот да.

С. Идирисов: Кыргыздын каадасында жаш үй-бүлөлөргө кандай кам көрүлгөн?

А. Алимбеков: Эми бул ажырашуу эки эле адамдын ажырашуусу эмес. Ортодо балдар турат. Куда күткөн адамдар турат, эки ууру эл турат. Бул чоң трагедия. Ошондуктан кыргыздар ажыраштырбаганга бүт айласын көрүшөт. Жок дегенде ушундай сөзгө чейин барышкан. Катындын баары эле ушундай болот деп. Эркек адамдын тагдырынын талкаланышы ушул жерден башталат. Эркек адам ошол бойдон жок болуп кетиши мүмкүн. Аял адамдар да башка тагдырга туш келиши мүмкүн. Балдарга эң чоң травма болот. Эгерде ажырашуу болбосо жетим деген сөз чыкпайт эле. Ажырашкандан кийин бири-бирин жамандап олтурат. Апасына барса атасын жамандайт, атасына барса апасын жамандайт. Ушундай ортодо калып кеткен бала ким болуп чыгат?..

Кыргызда сөз бар катын албай кайын ал деп. Ата-энеси бай деген эмес. Тектүү дегенди тескери түшүнүп алып жатышат. Адеп салттуу дегенди түшүндүрөт. Куда түшүү процесси бирин-бири сыноо. Дагы бир макал бар Куданы кул да болсо сыйла дейт. Ошол мезгилде балдар бирин-бирин таанытуучу жүрүм-турумун сыноочу процесс болгон. Азыр ал институттар тилекке каршы иштебей калды.

С. Идирисов: Жоробай мырза, Ислам дининде никеге чейинки таанышууга кандай карайт?

Ж. Шергазиев:Бир күнү Пайгамбарыбызга (С.А.В.) бир киши келет үйлөнөм деп. Келинчегиңди көрдүңбү деп сурап, анан бактылуу бол, алдын ала таанышып, көрүп койсоң жакшы болот деп кеңешин айтат. Динибизде таанышууга уруксат бар, бирок бул таанышуу жанында коштоп жүргөн бирөөлөр менен биргеликте ишке ашырылышы керек. Мындай салт кыргыздарда деле болгон. Азыр жеңелер ролун башкача аткарып калды. Шарыятта анын шарты бар. Жалгыз эмес, парктан эмес, кинодон эмес үчүнчү адам сөзсүз болсун кыздын агасыбы, инисиби, женесиби үй-бүлөсү менен. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз айтып атат. Эгер силердин кызыңарга диндүү ыймандуу адам келсе бергиле дейт. Болбосо жер жүзүндө бузукулук болуп кетет. Ал эми эркектерге аялдын 4 нерсесине карап үйлөн деп айтып жатат. Анын сулуулугуна, байлыгына, тегине, ыйманына. Сен ыймандуусун тандагын бактылуу болосун! Айтайын дегеним айланып келип эле ыйман маселесинде турат экен да.

С. Идирисов: Орто азия өлкөлөрү боюнча никесиз төрөлгөн балдар боюнча Кыргызстан биринчи орунда турат экен. Бул боюнча 2015-жылдын 18-июнунда Аялдар проблемасы боюнча жыйында ошол кездеги вице-премьер министр Дамира Ниязалиеванын докладында турат. Кыргызстанда бир жылда 11500дөн 16500гө чейин кыз ала качуу катталыптыр. Бирок ала качып барса деле кээ бир молдолор никесин кыйып атпайбы? Бул туурабы?

Ж. Шергазиев: Молдонун нике кыйганынын себеби кыз өзү макулмун деп атпайбы.

С. Идирисов: Эң чоң маселе үй-бүлөнүн бузулушунда миграция маселеси болуп эсептелет. Бирок бул маселени өзүнчө талкуулаганга аракет кылабыз. Убактыбыз бүтүп баратат, сөзүңүздөрдү кыска нуска кылып айта кетсеңиздер.

А. Алимбеков: Мына ушундай пикирлерди жеткирүү каналдарын табыш керек. Ата-энелердин өзүнүн жоопкерчилигин жогорулатыш керек. Эч ким эч убакта ата-эненин ордун алмаштыра албайт. Ата-эненин ар бир баскан кадамында тарбия жатат. Бул комплекстүү мамиле да.

Г. Мадраимова: Бул маселе жүрөгүмдүн түпкүрүндө. Кудай буйруса китеп жазам го ушул проблема жөнүндө. Кыргыз кыргыз бойдон калалы, бизге тияктан-бияктан үйрөнүштүн кажети жок. Өзүбүздүн тил байлыгыбызды, салт-санаабызды кармасак эле кыздарыбыз бактылуу болот. Ошол сөздү сиңген жерге айтыш керек. Биринчи класска барып Сен бактылуу бол десең түшүнбөйт. Бойго жеткен кызга өз кеңешиңди айтышың керек. Аларга кол жууганды үйрөтсөң эле оорудан алыс болот. .

Ж. Шергазиев: Негизи, маселе ыйман маселесине токтолгум келип атат. Эгер ыйман маселесин карасак ата-бабаларыбыздын макал-лакаптарын жандандырсак түбү Курандан же хадистен келип чыгып жатат. Эми өткөн өттү жаштарды тарбиялап алышыбыз керек. Мамлекеттик деңгээлде болбосо кыйын. Бирок аны күтө бербей ар ким өзүбүздүн ишибизди аткара беришибиз керек. Жаш муунду тарбиялап алсак натыйжасы чоң болот деп ойлойм.

У. Усупов: Үй-бүлөлүк кризиске кептелип калгандарга кеңеш берүү багытында үй-бүлө борборлору болушу керек. Психология менен ыйманды айкалыштырып берсек таасирдүү болот эле. Жоробай устаз айткандай ыйман адамды адам кылат. Ыйман маселесин бир эле партия түзүп, депутат болоордо эстебеш керек.

Г. Каримова: Эң коркунучтуу болуп жаткан ажырашуу себептерин айттык. Ажырашуу маселесинде карап көрсөк бардыгында башынан өткөргөн каарманыбыз айткандай өзүбүздүн жашообузда болуп келген учурлар бар. Жалпыбыз жапа тырмак киришип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ушул нерседе биргеликте иш алып барсак жакшы болот.

Сыздаган Жүрөк: Мен башыман өткөн адам катары айтайын. Адам биринчи өзүн түз жолго салыш керек. Ар бирибизде кемчилик бар да. Ошол кемчиликти жоёо билүү ийгиликтин ачкычы болот болуш керек. Анан сиздердей болгон улуу муундагы эже-агайларыбыз жакшы жол көрсөтсө кийинки көч мурункунун артынан ээрчийт эмеспи. Баланын калыптануусу сөөктүн катыганына чейин(20 жаштын тегереги) болот эмеспи.. Ал жакшы сугарылса, уядан эмне көрсө учканда ошону алат. Ушундай талкуулар көп болсун.

С. Идирисов: Маркум Сабыр Иптаров агайдын айткан сөзү бар үй-бүлө бул капкалуу шаар деген. Бир эле дарбазасы болот экен. Ал жерден шаардын ээси уруксат берсе гана кирүүгө болот. Болбосо эч ким кире албайт. Үйлөнүп атканда жаштарга айтарыбыз эки нерсеге макулдук беришсин. Бирөөсү бири-бирибизге кызмат кылалы. Себеби сен жубайына кул сыяктуу кызмат кылсаң, ал сага күң сыяктуу кызмат кылат! Экинчиси үй-бүлөдө болгон кандай маселе болбосун сыртка чыгарбаңыз. Себеби экөөңөр таарынышсаңар, ал таарыныч унутулуп калат. Эгерде сыртка айтылып калса ал элдин арасында жашай берет да, улам жараңыз жаңылана берет. Буйруса Гулзина эженин китебин окуп, Акматали агай баштаган лекцияларды угуп каларбыз. Жакшы идеялар келди. Бирок бул тема бул бойдон калбайт, дагы көтөрөбүз. Келгениңиздерге чоң ырахмат.

“Диалог Евразия”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*