Калкка кызмат көрсөтүү борборлору иштөөдө

presstur

«Журналисттер» коомдук фонду тарабынан жакында БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз  Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорлорунун чектеринде ачылып жана иштеп жаткан калкка акысыз кызмат көрсөтүү борборлорунун иштери менен таанышуу максатында медиа-тур өткөрөлдү. Ага жергиликтуу массалык маалымат каражаттарынын окулдору катышышты. Алгач Ош областык жана Ош шаардык юстиция башкармалыгында ачылган «Акысыз юридикалык  жардам берүү борборунун» иши менен таанышуу жүрдү. Борбордун жетекчиси, Ж.Мурзакулов борборго жарандар түрдүү маселелер менен кайрылып, акысыз юридикалык кеңештерилип жатканын айтты. Жарандар нике күбөлүгүн, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн  алуу, мүлктөрдү мураска калтыруу, пенсия чегерүү, алимент өндүрүү, жер, кредит ж.б маселелери боюнча юридикалык кеңеш сурап кайрылышкандыгын маалымдады. Жогоруда аталган долбоордун чектеринде Ош областтык жана Ош шаардык юстиция башкармалыгы тарабынан Ноокат районунда  пилоттук катары эки «Калкка кызмат көрсөтүү борборлору» ачылып иштеп жатат. Борборлордун бири – Кеңеш айыл өкмөтүндө, экинчиси – Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан. Медиа-турдун жүрүшндө Кеңеш айыл өкмөтүндө  иштеп жаткан борбордун иши менен таанышылды. Мында юрист, социалдык адис, катчы, жер адиси ж.б. тиешелүү адистер олтурушат жана жарандар кайсыл суроо менен келсе, ошол суроолорго жараша кеңеш жана жардам берилет. Борбордогу адистер мобилдүү топ түзүп, адегенде айыл өкмөтүндөгү айылдардагы аз камсыз болгон, койгойу бар үй-бүлөлөрдү, жарандарды аныктап, компьютерде маалымат базасын түзүшкөн. Ошого жараша аз камсыз жана муктаж болгон жарандарга даректүү  жардам көрсөтүшүп келишүүдө.

presstur2

Алдын ала документтерди даярдап, аптанын ар бир шаршемби күнү райондон Мамлекетик каттоо кызматынын, райондук ЖААКтын (ЗАГС) ж.б. тиешелүү мамлекеттик кызматтардын  өкүлдөрү борборго келишип, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгүн ала албай жүргөндөргө борбордун өзүндө күбөлүктөрдү тапшырышып жана кеңештерди беришкен. Эн башкысы-керектуу документтерди ала албай, укуктарынан пайдалана албай жургон жарандар райборборго кайра-кайра барып убара болушпай, борбордун озунон  документтерин алышкандыгында болуп жатат. Ошондой эле документтерин алган сон, алар оздорунун жарандык укуктарынан – билим алуу, медициналык жардам алуу ж.б. укуктарга ээ болушкандыгында. Борбордо миграцияга кетишип, чет олколордо балалуу болушуп, тиешелуу маалымат кагазы жок балдарына туулгандыгы тууралуу куболук ала албагандык, баш кошушуп, бирок, учурунда «ЗАГС» ала албай кийин ажырашып кетип, баласына алимент ала албагандык ж.б. койгойлор боюнча кайрылышат. Негизинен борбор аз аз камсыз болгон жарандар боюнча иш алып барышат. Медиа-тур озунун сапарын Кулатов айыл окмотундогу Калкка кызмат корсотуу борборунда улады. Борбордогу юрист Т.Бердикуловдун айтымында айыл окмоту райондун борборунан алыс жайгашкан, калкынын сыны – 18 минден ашуун. Андыктан да укугу корголбой калгандык, документ койгойлору коп. Мында да жогоркудай эле мобилдик топ тузулуп, юридикалык кенешке, жардамга муктаж болгондораныкталып, маалыматтык база тузулгон. Борбор ачылгандан бери 57 адам туулгандыгы тууралуу куболугу жоктугу, 58 адам башка себептер менен кайрылышкан. Борбордун жардамы менен азырынча 22 балага туулгандыгы тууралуу куболук алып берилди… Бул борбордо да аптанын бир куну белгиленип, ошол куну рай.ЖААКтын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, нотариус ж.б. кызматтардын окулдору келишип, борбордун озундо тиешелуу документтештируу иштери жургузулуп жана документтер: туулгандыгы тууралуу куболук, паспорттор берилген. Борбордо юристтен тышкары, жер адиси, соц.адис, катчы ж.б. керектуу адистер бар. Бул багытта дагы иштер улантылууда. Белгилеп кетсек, эки борбор тен айыл окмотунун имаратында жайгашкан. Борбор жайгашкан кааналар кенири жана заманбап ремонттолуп, бардык керектуу жабдуулар менен жабдылган. Компьютерлер, телевизор, стол, стул, маалымат тактайлары ж.б. камсыздалган. Долбоордун жардамы менен эки борборго тен интернет байланышы камсыздалган, скайп берилген. Жарандар эми маселелери тууралуу юридикалык кенешти скайп аркылуу жузмо-жуз олтуруп кенештерди алышат. Белгилеп кетсек, бул пилоттук турдо ачылган борборлордо аз камсыз болгон жарандарга юридикалык кенештер гана берилбестен, конкреттуу жардамдар корсотулуп, жарандарга документ алуу ж.б. боюнча жардамдар көрсөтүлүүдө.

К.Кыдыралиева, Сүрөтүн тарткан: Б.Айдаркулов, “Ош жаңырыгы”, 12.2015

1 Comment

  1. Саламатсыздарбы менин кызыма куболук алалбай жатам 2015,02,04.жылы Жалал-Абад обласы Кочкор-Ата шаарында торот канада топором андан кийин справкамы жоготуп алып эми дубликат менен алалбай жатам кансем ала алам куболукту озум Россия жаранымын

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*