Нарында “Эл аралык майыптардын күнүнө” карата атайын иш чара өткөрүлөт

Нарын шаарында 3-декабрь «Эл аралык майыптардын күнүнɵ» карата «Жаштар Ордосунда» иш-чара ɵткɵрүлɵт. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күчү менен даярдалган кайрымдуулук концерт тартууланат.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын колунан чыккан буюмдардын кɵргɵзмɵсү уюштурулуп, шахмат, шашки жана кол күрɵш оюндары боюнча жарыштар ɵткɵрүлɵт.

Нарын шаардык мэриясы тарабынан аталган иш-чараны уюштуруп, ɵткɵрүүгɵ, жеӊүүчүлɵрдү сыйлоого 20 миӊ сом акча каражатын жумшады.

Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 93 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп, 306 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга материалдык жардам кɵрсɵтүлдү.

Ал эми маалымат үчүн айтсак, Нарын шаары боюнча 2260 майып адамдар каттоодо турат.

Кабар

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*