Аксакалдар сотторунун иштеринин натыйжалуулугу жогорулатылууда

2-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоорунун концецпиясы боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун концепциясы аксакалдар сотторунун иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор аркылуу Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлган талаптарга мыйзам менен белгиленген тартипте соттуулугу жок, алып салынган же жоюлган жарандар шайлана алаары каралган ченемди киргизүү сунушталган.

Ошондой эле Аксакалдар сотторунун тарбиялык маанисин арттыруу максатында, аксакалдар сотунун курамына элүү жашка чыккан, калк арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, иш кароо учурунда иштиктүү маанайда кийинүү ченемдери сунушталган.

Аксакалдар соту салган акчалай айыптардын суммасы жергиликтүү бюджетке төгүлөөрү сунушталган. Ал эми Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо жергиликтүү кеңештер бекиткен тартипте жүзөгө ашырылаары белгиленген.

Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча 795 аксакалдар соту, аларда 4385 жаран аксакалдар сотун түзөт. Аксакалдар соттору тарабынан жалпысы жети миңден ашуун иш каралган.

Талкууда депутат КСДП фракциясынан Кожобек Рыспаев аксакалдар соту кандай мүнөздөгү иштерди карарын, ал эми кесиптеши Дастан Бекешев аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин тактады.

“Аксакалдар кеңештери жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштетүүсү зарыл, бирок ошол эле маалда алардан көз каранды болбоосу керек”,- дейт депутат Осмонбек Артыкбаев.

Аксакалдар сотунун укугу жана милдети менен кошо жоопкерчилиги да болушу зарыл деген депутат Кенжебек Бокоев бул маселелерди концептуалдуу карап, жаңы мыйзам долбоору менен алып чыгууну сунуштады.

Бир катар депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Кабар ордо

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*