Токмок шааарында акысыз юридикалык кызмат берүү борбору ачылды

tokmok

Токмок шаарында КР Юстиция министрлигинин астында юридикалык акысыз кызмат кѳрсѳтүү борбору ачылды. Ачылыш аземге КР Юстиция министрлигинин статс-катчысы (статс-секретарь) Нуржан Таштанов, Кыргызстандагы ПРООНдун туруктуу ѳкүлүнүн орун басары Алена Никулита жана Токмок шаарынын мэри жана башкалар катышышты.

Бул борбордун башкы максаты юридикалык акысыз кызмат кѳрсѳтүү, укуктук жактан алга жылуу, жарандардын укуктарын коргоо. Аталган борбордо күн сайын ѳзүнүн ишин мыкты билген адистер – адвокаттар, укук коргоочулар жана юристтер жергиликтүү калктын суроолоруна жооп берип, аларга акысыз кызмат кѳрсѳтүшѳт.

Финляндиянын тышкы иштер министрлиги жана ПРООНдун жүргүзгѳн «КРде сот адилеттигине жетүүгө мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» (Расширение доступа к правосудию в КР) деген изилдѳѳсү кѳрсѳткѳндѳй, Ош жана Чүй областындагы жарандар ѳзүлөрүнүн укугун коргоодо кѳп кыйынчылыктарга учурап келишкен. Ошол эле чѳлкѳмдѳрдѳ аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоонун деңгээли ѳтѳ тѳмѳн экени аныкталган. Кѳпчүлүк элет жергесинде квалификациялуу юридикалык жана укуктук адистердин жоктугунун жана калкты тейлѳѳчү борборлордун акысы жогору болгондугуна байланыштуу кѳп учурда жарандар ѳз суроолоруна жооп ала албай келишкен.

Соттук адилеттүүлүккѳ жетүү – бул мамлекеттин укуктук жана демократиялуу жактан ѳсүшүнүн негизги багыттарынын бири болуп эсептелинет.

«КРде сот адилеттигине жетүүгө мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоору Юстиция министрлигине Чүй облусуна 3 акысыз юридикалык кызмат кѳрсѳтүү борборлорун ачууга кѳмѳк кѳрсѳтү. Келечекте дагы бир нече борборду ачуу планы бар экенин КР Юстиция министрлигинин статс-катчысы Нуржан Таштанов билдирди. КР Конституциясына ылайык биздин жарандар акысыз кызмат алууга укуктуу. 2010-жылдан баштап биз акысыз борборлорду ача баштадык. Алар калкка акысыз кызматтарды азыркы күнгѳ чейин берип келет. Жыл ѳткѳн сайын бул борборлорго кайрылгандардын саны күндѳн-күнгѳ өсүп жатат. Ошондуктан биз дал ушундай борборлордун санын жогорулаталы деген ниетте иштеп келебиз. Ушул жылдын 9 ай ичинде бул борборлордун кызматын колдонгондордун саны 13,5 адамды түздү. Ал эми жалпысынан бул кызматтарды колдонгондордун саны 50 миңден ашты. Акысыз кызмат кѳрсѳткѳндѳргѳ айлык акы Юстиция министрлигинен каралган. Бул борборлор мамлекеттин ѳсүшүнѳ чоң ѳбѳлгѳ түзѳѳрүнѳ ишенем” дейт Таштанов.

«Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды».

Майсалбек Курбаналиев, «Полит Клиника», 26.11.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*