Кыргызстан телеберүүлөрү жаңсап которуу менен коштолбой, угуусу жагынан майыптар жапа чегүүдө

surdo

КР Азиздер жана дүлөйлөр коомуна 9835 майып мүчө болсо, алардын ичинен 4341и – кулагы жагынан майыптар. Аталган коомдун мүчөсү эмес дүлөй адамдар да бар экенин эске алсак, анда алардын саны мындан дагы арбын. Бул жарандардын маалымат алуу укугу бузулуп, КР мыйзамдары аткарылбай келаткандыгы өкүнүчтүү. Анткени Кыргызстан телеберүүлөрүнүн бир да каналында сурдокотормо же жаңсап түшүндүрүү тили менен берилген берүү жок болууда. Бир гана КТРКга бул максатта 800 миң сом керектелет. Кыргыз телеберүүлөрүн сурдокотормо менен коштоо маселесине кабарчыбыз иликтөө жүргүздү.

Майыптардын көйгөйү

Начар уккан жана дүлөй адамдардын көйгөйлөрү көп. Алардын бири- жергиликтүү телеберүүлөр сурдокотормо менен коштолбой, булар маалымат ала албай келаткандыгы. Кыргыз телеберүүсүндө бир дагы телеберүү жаңсоо тили менен берилбегени өкүнүчтүү. Ал эми Орусиянын жана Казакстандын телеберүүлөрү, жаңылыктары ар дайым сурдокотормо менен берилип келет. Бул маселе боюнча КР Азиздер жана дүлөйлөр коомуна кайрылдык.

turdukojoevКР Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасынын орун басары Жыргалбек Турдукожоев дүлөйлөр маалымат менен камсыз болбой келе жатканын, ал тургай, алар эгерде кыргыз тилинде маалымат алгысы келсе дагы буга мүмкүн эмес экенин, жалаң орус тилинде окушаарын айтты:

– Кыргызстан Азиздер жана дүлөйлөр коомуна 9835 адам мүчө болсо, алардын 4341и – угуусу жагынан майыптар. Угуусу начар, дүлөй адамдарга сурдокотормочулар ( жаңсоо менен түшүндүргөн) кызматы сунушталат. Коомдун өзүндө 13 сурдокотормочу бар. Алар коомдун мүчөлөрүн эле эмес, дүлөй адамдардын кимиси кайрылбасын, кызматын көрсөтүшөт. Алсак, сот процесси учурунда, тергөө амалдары жүрүп жатканда жана нотариалдык кеңселерге, ооруканаларга, башка мекемелерге ж.б. кайрылганда майыптарга мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам беришет.

Ал эми Кыргызстандын жок дегенде бир телеберүүсү, ириде жаңылыктары сурдокотормо менен коштолуп турса абдан жакшы болмок. Кайсы бир убакта жергиликтүү телеберүүлөрдө сурдокотормо болуп, бирок кайсы бир себептер менен ал көп өтпөй токтотулуп калыптыр. Экинчи дагы бир көңүл буруучу жагдай: дүлөй балдар мектепте окуганда жаңсоо тили орус тилинде жүргүзүлөт, жалаң орус тилинде окутулуп, кыргыз китептерин, гезиттерин окуй албай калышкандыгы. Сурдокотормо, жаңсоо тили союз маалынан бери орус тилинде жүргүзүлүп келаткандыгы абдан кейиштүү.

Мурда бар болчу

proskuryakovАл эми аталган коомдун угуусу жагынан майыптар менен иштөө бөлүмүнүн адиси, угуусу жагынан майып Владимир Проскуряков мурда кыргызстандык телеберүүлөр сурдокотормо менен коштолуп, бир азыраак болсо да телевидениеден маалымат алып турганы жакшы болгонун айтат. Болжол менен 2006-жылдан бери кыргызстандык телеберүүлөр сурдокотормо менен көрсөтүлбөй калды. Ал эми дүлөй адамдарга сурдокотормо дагы, субтитр дагы керек, анткени баары эле сабаттуу эмес, гезит-журналдарды баары эле окуй алышпайт. Субтитрди, жүгүртмө саптарды окуй албагандар дээрлик 60 пайызды түзөт.

“Биз деле маалымат менен таанышкыбыз келет”

Ал эми угуусу жагынан майыптар иштеп жаткан Бишкектеги №2 окуу-өндүрүштүк ишкананын баштапкы уюмунун төрайымы, угуусу жагынан майып Калмира Токтогулова маалыматтар жаңы сап которуу аркылуу берилсе, биз деле маалымат менен таанышкыбыз келет деп айтат:

kulРоссия, Казакстандын телеберүүлөрү сурдокотормо менен берилет. Ал субтитр менен да коштолуп тургандыктан, түшүнүктүү жана жеткиликтүү. Кыргызстандын телеберүүсү субтитр менен коштолсо, анысы да экрандагы окуя тууралуу эмес, ага тиешеси жок эле тексттер кетет. Биздин суранычыбыз – кыргыз телеберүүлөрү, айрыкча жаңылыктар, сурдокотормо жана субтитр менен кетип турса жакшы болоор эле. Дагы бир өтүнүчүбүз – эгер улуттук каналда жаңылыктар сурдокотормо менен коштолсо, буга кошумча атайын дүлөйлөр үчүн реабилитациялык телепрограмма уюштурулса деп өтүнөөр элек. Биз дагы маалымат менен камсыз болгубуз келет.

Мыйзамдар качан аткарылат?

КР Азиздер жана дүлөйлөр коомунун адиси Владимир Проскуряковдун айтымында, буга чейин КТРКнын жетекчилигине коомдун төрагасы Калык Мамбетакуновдун жетекчилиги менен үч жолу кирип, телеберүүлөрдү сурдокотормо менен коштоо маселесин коюп келишкенин, бирок эмдиге чейин маселе чечилбей келатканын кейип айтып жатты.

Ал эми Кыргызстан мыйзамды сыйлаган өлкө болсо, кабыл алынган мыйзамдарды аткармак. Деги майыптарды колдогон мыйзам барбы?

“Майып адамдарга юридикалык жактан жардам берүү” коомдук фондусунун төрагасы Толкун Исаков угуусу жагынан майып адамдардын укугу бузулуп жаткандыгын айтат:

– 2008-жылдын 3-апрелиндеги Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу КР мыйзамынын 2-беренесинде ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маалымат алуу укугу тууралуу сөз болот. Ушул мыйзамдын 3-беренесинде жаңсоо тили, б.а. сурдокотормо инсандар ортосундагы байланыш каражаты катары таанылары жана коомдун ар түрдүү чөйрөсүндө колдоого алынаары жазылган. Мамлекет ден соолугу чектелүү адамдарга сурдокотормону камсыз кылууга милдеттүү.

2008-жылдын 2-июнундагы “Телевидение тууралуу” КР мыйзамында улуттук каналда телеберүүлөрдүн жок дегенде бирөө сурдокотормо менен коштолушу керектиги тууралуу айтылган.

Жогоруда сөз болгондор аталган эки мыйзамдын бузулуп жатканынан кабар берет. Телеберүүлөрдү сурдокотормо менен коштоо тууралуу өкмөттүк деңгээлде маселе көтөрүлүп келаткандыгы ырас. Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча иш-чараларды аткаруу маселеси 2015-жылдын 13-ноябрындагы өкмөттүн жыйынынын күн тартибинде коюлган. Анда коомдук жайларды майып адамдар үчүн ылайыкташтыруу, турмуш-тирлигин жеңилдетүү жана ар тараптан камкордук көрүү биринчи планга коюлуш керектиги айтылган. КР Премьер-министри Темир Сариев телеберүүлөр сурдокотормо менен коштолушу керектигин өкмөттүк жыйында да айтып өткөн.

Теле жетекчилери не дейт?

Телеберүүлөрдү сурдокотормо менен коштоо жагын угуусу жактан майып адамдар дагы канча убакытка чейин күтүшү керек? Телеберүүлөрдүн сурдокотормо менен коштолбой жатканынын себеби эмнеде? Бул тууралу КТРК жана ЭлТР жетекчилиги эмне дейт?

ЭЛТР каналынын баш директору Айбек Мусаев тележаңылыктарды сурдокотормо менен коштоо жагында кесипкөй, түз эфирде иштей ала турган сурдокотормочулар жетишпей жатканын, келерки жылдан баштап жаңылыктарды түз эфирде сурдокотормо менен коштоп берүү жагы каралып жатканын билдирди.

Ал эми КТРКнын баш директору Илим Карыпбеков болсо сурдокотормочуларды кармоо чоң каражатты талап кыларын айтат:

– Телеберүүлөрдү сурдокотормо менен коштоо бир эле каражат маселесине байланыштуу. Себеп дегенде жок дегенде 4 кишини кызматка алыш керек. Көбү бир эле адисти алып койсо, ошону менен маселе чечилет деп ойлоп жатышат. Бул андай эмес. Күнүнкү жаңылыктарды берип, анан алар алмашып турушу керек да. Сурдокотормочуларды алыш үчүн 1-2 адисти эмес, жок дегенде төртөөнү, ал эми талаптагыдай болуш үчүн 6 адамды кызматка алыш керек. 6 кишинин бир жылдык акча каражаты 800 миң сом болот. Ал каражат бюджетте каралган эмес, аны башкалардан алып же штатты кыскартыш керек. Өкмөттөн 800 миң сомду чечип бергиле деп суранып жатабыз. Бюджетке өзгөртүү, толуктоо киргизилип, талкууланып жаткан учур.

Тележаңылыктардан башка угуусу жактан майып адамдарга арналган телеберүү уюштуруу үчүн адистер керек, атайын бир программаны иштеп чыгыш керек. Буга азырынча база жок. Эгер сурдокотормочуларды алсак, бул жагын караштырып чыгабыз.

Бир учурда КТРК фонд аркылуу акча таап, сурдокотормону бир аз убакытка эле иштетиптир. 2016-жылы жаңылыктар жана өтө маанилүү программалар сурдокотормо жана субтитр менен коштолуп турмакчы, -деп айтты.

Жыйынтыктап айтсак, ЭЛТР да, КТРК жетекчилиги да тележаңылыктар сурдокотормо менен коштолуучу күн да алыс эмес экенин, бир гана көйгөй кесипкөй сурдокотормочулардын жоктугу жана каражатка байланыштуу болуп жаткандыгы белгилүү болду. Бир гана КТРКга бул үчүн 800 миң сом керектелээри айтылууда. Каражат табылса, буюрса, келерки 2016-жылы угуусу жагынан майып адамдар ата мекендик жаңылыктарды сурдокотормосу менен көрүп калаары күтүлүп жатат. Анда эмесе, 2016-жылды күтүп туралы, угуусу жагынан майып адамдар үчүн биздин улуттук каналдарда жаңылыктар сурдокотормо менен берилип калаар деп ишенип туралы.

«Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды».

Айгүл Бакеева, “Полит Клиника”, 26.11.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*