Үй-бүлөдөгү зомбулук: Ата-энеси буту-колу сындыра сабаган балдар көбөйдү

Негизинен үй-бүлөдө балдар уруп-сабоого, психологиялык басынтууга жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка кабылат.

zombuluk

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда балдарга карата жасалган зордук-зомбулук күчөп баратат, буга эмне себеп болууда? Негизинен үй-бүлөдө балдар уруп-сабоого, психологиялык басынтууга жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка кабылат.

“Баланын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубекованын айтымында, мындай жагдайга социалдык, психологиялык жана экономикалык факторлор таасирин берип жатат.

“Айталы, үй-бүлөдөгү жумушсуздук, атасы же энесинин ичкиликке берилип кетиши, балага болгон жоопкерсиздик, ата-энелердин балдарын кароосуз таштап салып жумуш издеп миграцияга байланыштуу чет өлкөгө кетиши, айрым энелердин үйүндө убактылуу жашап жүргөн чоочун бир эркекке балдарын калтырып коюп жумушка кете бериши – мына мунун баары жаш балдардын зомбулукка кабылышына түрткү болууда. Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун эң көп жайылган түрү- үй-бүлөдөгү басмырлоо эсептелет. Баланын укугун коргоо үчүн мамлекет дагы кайдыгер карабастан шарттарды түзүп бериши керек. Ар бир баланын мектепке, бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү, шарты, каражаты жетишпейт. Бул жаатта, жалаң эле Билим берүү жана илим министрлиги же Социалдык өнүгүү министрлиги эле эмес, жергиликтүү бийлик органдары дагы көңүл бурушу керек. “Кайсы көчөдө кандай көйгөйлүү үй-бүлө бар?” деп ар бир айылдагы ар бир айыл өкмөтү көзөмөлгө алып, балдардын укугун коргоп баа берүүсү зарыл. Ар бир аймакта айыл башчысы бар. Зомбулук кайсы бир социалдык топ үчүн гана көрсөтүлүп жатат деп айта албайбыз, алдуу-күчтүү, каражаты жетишкен үй-бүлөлөрдө дагы зордук-зомбулуктар жасалган учурлар бар. Дүйнө жүзүндө коомчулук болгон жерде, адам болгон жерде, ал гана эмес өнүккөн өлкөлөрдө дагы зомбулук менен катталган фактылар жок эмес. Ал жакта бул маселеде тартип катуу, атайын система түзүлгөн. Зомбулук көрсөткөн адам дароо жоопкерчиликке тартылып, баланын укугу корголот”,-деп белгиледи директор.

Дарыгерлердин айтымында, акыркы учурларда балдарга үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдүн көбү жетиштүү жашаган үй-бүлөлөрдө дагы кездешип жатат. Бишкек шаарынын тез медициналык жардам клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун маалыматына караганда, криминалдык мүнөздөгү жаракат алган, уруп-сабалып ооруканага жеткирилген балдардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

“Мисалы, ооруканага жаткырылган балдардын 82 пайыз учурда балдарды катуу сабашкан жана алардын 10 пайызда сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүшкөн. Биз мындай учурлардын көбү жакыр үй-бүлөлөрдөн эмес, кадимкидей эле жакшы жашаган, ата-энеси бар эле үй-бүлөлөрдө болорун байкадык. Бирок зомбулуктун 77 пайызы алкоголь ичимдиктерин ичкенден кийин болоору такталды. Биз ошондой эле кээ бир балдар кайра-кайра сабалып ооруканага жаткырылган учурларды дагы каттап жатабыз. Бир бала төрт жолу сабалып, төрт жолу тең сөөгү сынып келген учур болду. Дагы бир баланы камчы менен уруп сабаган учур катталган”,-дейт дарыгер.

Балдардын денесине залал келтирип уруп- сабоодон тышкары, Кыргызстанда акыркы жылдарда аларга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү көп катталууда. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, акыркы учурда балдарга карата зомбулук көрсөтүү боюнча кылмыштарынын саны 10 пайызга жогорулаган. Статистика боюнча 2011-жылы ушундай мүнөздөгү- 83 факты, 2012-жылы – 151, 2013-жылы – 138, 2014-жылы -140 факты катталган.

Ишеним телефону жардам береби?

КРдин Социалдык өнүгүү министрлиги “Балдардын укугун коргоо лигасы” уюму жана ЮНИСЕФ менен кызматташуунун алкагында балдар үчүн ишеним телефону (111) иштей баштаган. Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, кызматташтыктын негизги максаты- ишеним телефонунун ишин натыйжалуу уюштуруу. “Өзүңүздөр билгендей, биз биргелешкен аракет менен, балдарга карата кризистик кырдаалды болтурбоо максатында ырайымсыз мамилеге, зордук-зомбулукка кабылган же болбосо турмуштук кыйын кырдаалдагы балдар үчүн ишеним телефонун уюштурдук. Эми күнү-түнү Кыргызстандын бардык аймактарынан 111 ишеним телефонун терип, маалыматтык, психологиялык, консултациялык жардамды алышса же балдардын укугу бузулган фактылар тууралуу кабарлашса болот. Чалуу акысыз”, – деп белгилеп кетти министр.

Анын айтымында, КРдин социалдык өнүктүрүү министрлигинин демилгеси боюнча алдын алуучу иштер аткарылган, анын алкагында балдарга карата катаал мамиленин алдын алуу жана жоюу боюнча өзгөчө чаралар планын бекиткен 11 министрлик жана ведомство тарабынан биргелешкен буйрукка кол коюлган. Аталган буйрукка ылайык, бардык шаар жана райондордо Балдар иштери боюнча комиссиянын базасында балдарга карата катаал мамиленин алдын алуу жана жоюу боюнча Өзгөчө чаралар боюнча штабдар түзүлгөн. Жалпысынан алганда республика боюнча 528 штаб түзүлүп, анын 44ү – райондордо, 31и – шаарларда жана 453ү айылдык аймактарда түзүлдү.

“Биз, балдардын укугун коргоо максатында Кыргызстан боюнча Социалдык өнүгүү министрлиги, Акыйкатчы институтунун жардамы менен түзүлгөн атайын программанын негизинде 38 мектепте иш алып бардык. Ошонун ичинен 41 миң бала, ата-энелер, мугалимдер менен биргеликте иштедик. “Ур-токмокко албастан сөз менен кантип түшүндүрүү керек, келишпестик деген эмне, араздашуу жеген эмне ж.б.” темаларда атайын окутуучу сабактар уюштурулган. Зомбулук кандай кесепеттерге алып келерин, зомбулуктун балага тийгизген кесепети жана келечекте аларды эмне күтүп турганын ата-энелерге сөзсүз түшүндүрүү зарыл. Андан тышкары биз 25 мектепте иш алып бардык. “Дүйнө педагогикасы” деген программа киргизген элек. Ага ылайык, мектептерде “баланын укугун кантип коргоо керек, балдарга жагымдуу мамилени кантип жасаш керек?” деген пункттар боюнча окутуу өткөрүлгөн. Ата-энелер дагы балдары менен баарлашууда, алардын жаш курагын эске алып, ага карата туура мамиле жасоону билиши, үйрөнүүсү керек. Балдарга карата жасалган зомбулукту жоюу максатында Кыргызстан боюнча реабилитациялык борборлор ачылып жатат, мисалы Каракол, Кадамжай, Бишкекте ачылды. Борборлор учурда керектүү эмеректер менен жабдылууда. Ошондой эле борборлорду өлкөнүн башка аймактарында дагы ачуу каралууда. Мына ушул реабилитациялык борборлор бүгүнкү күндө 1 миңден ашык балага жардам көрсөтүп, балдардын укугун коргоп келет”,-деп маалымдады бул жаатта жасалып жаткан иштерге токтолгон “Баланын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубекова.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, республиканын мектептеринде 2015-жылы 1 млн 27 миң 123 бала окуса, анын 22 627си ата-энесинин багуусунан ажыраган, 27 311и-жарым-жартылай жетим жана 48 403ү-социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.

Өлкөдө балдар кабылган зомбулуктун ичинен психологиялык жактан кемсинтүү басынтуу, кийинки катарда баланы уруп сабоо, зордуктоо экенин адистер белгилешти. Балдарга карата көрсөтүлгөн аесуз мамиленин арасында секелек кызды ысык мешке отургузуп күйгүзүп өлтүрүү, атасы кичинекей кызын зордуктоосу, камчы менен кур менен сабоо жана башка төбө чачты тик тургузган окуялар бар.

Жалпылап келгенде Кыргызстанда балдарды зомбулуктун баардык түрлөрүнөн коргоо боюнча мыйзам нормалары бар, бирок аларды эл аралык конвенцияларга ылайык келген деңгүүлге чейин катуулатуу керек. Ошондой эле балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен иштеген социалдык кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу, алардын санын көбөйтүү зарыл. Мындан тышкары баланын укуктары тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, зомбулукка кабылган балдардын келечегине кандай балта чабыларын түшүндүрүү, балдар психологдорунун ишин жайылтуу сунушталат.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Гүлнур Жумалиева, “Кабар ордо”,
http://www.kabarordo.kg/doc/264893_yy_bylodogy_zombylyk:_ata_enesi_byty_koly_syndyra_sabagan_baldar_koboydy.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*