Акыйкатчы: өспүрүмдөр убактылуу кармоочу жайда мөөнөтсүз камалган

Бишкектин ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында жашы жете элек төрт бала мыйзамсыз кармалып жатканын Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында Акыйкатчынын кызматкерлери Бишкектин ички иштер башкармалыгындагы убактылуу кармоочу жайларды текшерип, абалы менен таанышып чыккан. Натыйжада мыйзамда белгиленген 48 сааттан ашуун убакыт кармалган 15-17 жаштагы төрт өспүрүм аныкталган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту ички иштер министри Мелис Турганабевге, шаардык милициянын башчысына кайрылуу жолдогон. Азыркы учурда ишти кайрадан каралууда.  Аталган иштин жыйынтыгы 27-ноябрда белгилүү болот.

Марал ФМ

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*