Кыргызстанда акысыз юридикалык көмөк көрсөтүү декадасы башталды

cpp

18-ноябрдан тартып Кыргызстанда калкка акысыз укуктук көмөк бере турган он күндүк кампания башталды. Декада 18-ноябрдан 1-декабрга чейин уланат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Аталган өнөктүктүн алкагында өлкөнүн баардык областтарында калкка акысыз юридикалык кызмат көрсөтүлмөкчү.

Аталган иш-чара сот адилетүүлүгүнө жетүүнү жакшыртуу, жарандардын мыйзамдык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын өз укуктарын коргоого мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жүргүзүлүүдө.

Декада тууралуу кошумча маалыматты Юстиция министрлигинин www.minjust.gov.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 653446 – Гульзат Жумазаева; 653456 – Адилет Чакиев; 653447 – Акимбай уулу Учкундан алууга болот.

Өнөктүктү уюштурууга “Сорос – Кыргызстан” фонду, Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын “КРде сот адилеттигине жетүүгө мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоору көмөкчү болууда.

Декадада акысыз юридикалык кеп-кеңеш бере тургандардын катышуучуларынын тизмеси менен төмөндөн таанышууга болот.

Кабар ордо

5 Comments

  1. Саламатсызбы! Биз жолдошум экообуз чогуу жашаганыбызга 8-жыл болду, азыр Москвага иштегеги келгенбиз эми ортодо эки уул балабыз бар бул жактан менин учунчу балам боюмда болуп башка кызга кетти, загс бар кичекей балам 1 жаш 4 ай болду кайненемде бербейм деп коркутуп жатат. Мен бул жакта акчам жок ооруп КР кете албай жатам эмне кылсам болот? Барсам баламды ала аламбы?

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*