Балдар үчүн кийим, оюнчук жана китеп топтоо акциясы өткөрүлөт

“Элим барсыңбы?” ККФ жана Эмгек Министри менен биргеликте 7-8 ноябрь күндөрү саат 10:00-18:00 чейин “Вефа” ,”Бишкек Парк” Соода борборлорунда жана Ош, Дордой базарларынды кийим,оюнчук жана китеп топтоо акциясын өткөзмөкчү.

Бул акциянын максаты  топтолгон кийим-кече,китеп жана ончуктарды муктаж үй-бүлөлөргө таркатуу  жана камсыз кылуу.

Сиздерди бул иш-чарага катышып, жалпы коомчулукка маалымдап берүүңүздөрдү суранабыз.

Белгилей кетсек фонддун негизги  максаты  биринчиден,өлкөбүздөгү колунда бар,материалдык  мүмүнчүлүгү жетиштүү атуулдарды кызматташууга чакырып,аларды башкаларга жардам берүүгө үндөө.Ошондой эле бей-бечараларга,жардамга муктаж жетим балдарга,кароосуз калган арыларга,тагдырдын буйругуна баш ийген майыптарга материалдык жана моралдык  жактан көмөк көрсөтүү.

Сурап билүү телефондору: 0777776464 0550 933 881

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*