Баласын жоготкон келин акыйкаттык издейт

kelin

Турмуштагы оор жагдайларда кайда кайрылаарын билбеген жарандар аз эмес. Чүй облусунун Сокулук районунун Васильев айылында 27 жаштагы Тажикстандан көчүп келген кыргыз келини Зулкада Умарованын боюндагы беш айлык баласы кошунасы менен болгон чатактан кийин боюнан түшүп калган. Окуянын чоо-жайын анын өзүнөн угалы.

– Биз үй-бүлөбүз менен Сокулук районуна караштуу Васильев айылында жашайбыз. Үч кыздын энесимин. Жолдошум экөөбүз төртүнчү наристебизди күтүп аткан элек. Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда эртең мененки сегиздер чамасында дүкөндөн келе жатсам, 9-класста окуган коңшубуз Холова Гүлжахандын кызы- Айсулуу менин 1-класста окуган кызым Шахнозаны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп атыптыр. Мурда да кызым бир нече жолу Айсулуу урганын айтып ыйлап келген. Ошону эске алып, Айсулууга: «сен чоң кызсың да, менин кыздарымды урбай жүргүн. Канчык-менин кызым эмес, өзүңсүң» деп кызыма болушуп койгом, бирок урган эмесмин. Ал энесине мени урду деп айтыптыр. Саат тогуздарда үйдө беймарал жумушумду жасап жатсам, Айсулуунун апасы, агасы, таякелери машина менен келиптир. Үйдө кыздарым менен жалгыз болчумун. Айсулуунун байкеси Бакыт мойнумдан кармап, дубалга такап туруп, ичке бир тепти. Ошол маалда апасы Гүлжахан чачымдан жула баштады. Машинада инилери да бар болчу.Бирөө аябай толук киши экен, ал мени башка чапканда, жан жеримден бир аз суу, кан кетип, калтырап отуруп калдым. Кийин кошуналар келип жардам беришти.

«Ичимдеги баламдын жүрөгү токтоп калыптыр»

– Алар кеткенден кийин тез жардам кызматына чалсак, ишемби күн болгонуна байланыштуу телефондорун алышпады. Андан соң өзүбүздүн участкалык милицияга чалсам, ал «Бүгүн иш күнү эмес, бара албайм. Биринчи күнү барам» деп жооп бергенинен улам, коңшу айылдын милициясына чалсак, ал тез эле келип, ар бирибизден көрсөтмө алды. Экинчи тараптан да көрсөтмө алганы барса, Гүлжахан: «Менин күйөөм жок, жалгыз боймун. Балдарымды жалгыз багам» деп ыйлап-сыктап узатып жиберген экен. 29-июнда эртең менен үй-бүлөлүк дарыгерге барсам, «УЗИге түшүп кел» деди. УЗИге түшсөм, ичимдеги наристемдин жүрөгү токтоп калыптыр. 30-июндан 7-июлга чейин ооруканада дарыланып жаттым. Окуя болоордон үч күн мурда УЗИге түшкөнүмдө «өзүңдүн да, баланын да денсоолугу жакшы. Беш ай болуп калыптыр, эркек төрөйсүң» деп айтышкан.

«Бирөө да кечирим сураган жок»

– Бейтапканадан чыгып, Аламүдүн районунун ИИБине арыз менен кайрылдым. Алар мени Чүй облусунун бейтапканасына экспертизага жиберди. Аларга барып болгон окуяны айтып берсем, «боюңа күйөөңдөн болгонбу» деп мени иренжитишти. Бирок эмнегедир экспертизамды таза деп чыгарып, күбөлөрдү суракка албастан, ишти жаап салышты. Андан соң райондук прокуратурага арыз жаздым, андан да эч жыйынтык болбоду. Ал эми ур-токмокко алган адамдардын жок дегенде бирөө абалымды сурап коюшкандын ордуна, «силерди бир айдын ичинде жок кылам» деп коркутуп атышат. Коңшуларга «70 миң сом берип ишти жаптырып салдым. Булардын колунан эч нерсе келбейт» деп мактанышат экен. Мен аны угуп алып коңшу айылдык милицияга чалсам, ал «Эч нерсе дебей эле жайына коюңуз» деп койду. Азыр эмне кылып, кайда кайрылаарымды билбей турам.

Бакыт КЫДЫРАЛИЕВА, юрист: «Келиндин иши татаал болуп калган экен»

– Бул келиндин иши татаал болуп калган экен.

  • Негизи эле мындай жагдайга туш болгон жарандар биринчи кезекте жактоочу жалдашы керек. Эгерде жабырлануучу милицияга/сотко жактоочу менен барса жеңил болот. Себеби жактоочу мындай иштерди кандай алып барыш керек экендигин жакшы билет.
  • Эгерде милицияга кайрылганда алар кылмыш ишин козгобой койсо, анда прокуратурага «ишти кайра козгогула» деп кайрылыш керек. Прокуратура ишти карап чыгып, тергөөчүгө «ишти кайра козгогула» деген буйрук бериши керек.
  • Материалдык, моралдык чыгымдарды төлөтүп алыш үчүн, арыз жазаардан мурда боюнан түшкөндө кайрылган бейтапканадан боюнан түшкөндүгүн тастыктай турган медициналык документтерди чогултуп коюу керек.
  • Эгерде келиндин боюнан алган оор соккудан улам түшүп калган болсо, айыпталуучу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин негизинде беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат. Анткени бул кылмыш адам өлтүрүү менен барабар болуп жатат.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит Клиника»

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*