Human Rights Watch: Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси курч

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун абалы, аялдардын укуктары боюнча атайын баяндамасын жарыялады. Аталган уюмдун өкүлдөрү өткөн жылдын ноябрь, декабрь айларында жана быйыл май айында Бишкек шаары, Нарын, Чүй жана Ош облусунда сурамжылоо жүргүзгөн.

Долбоордо жалпысынан 95 аялдын тагдыры камтылган. “Өлтүрүүгө аракет кылганда чал” деген аталыштагы баяндамада сурамжылоого катышкан кыргызстандык аялдардын басымдуу бөлүгү зомбулукка кабыларын, күйөөсүнөн коркуп тартип коргоо органдарына же дарыгерлерге кайрыла албастыгын айтышкан. Көптөрү физикалык, психологиялык зомбулуктан улам ооруканага жатып чыгышканын айтышкан.

Баяндамада Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту токтотуу, кыздарды ала качууга каршы чаралар көрүлгөнү менен абал өзгөрбөгөнү, мындай көрүнүштөр уланып жатканы белгиленген. Ошондой эле бийликти бул маселеге көңүл бурууга чакырган.

Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери 2179 аял, 67 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка учураган. Кордук көргөн эки миңден ашуун аялдын жарымынан көбү иштебейт жана 90у пенсиялык куракта. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5% сабалып, 24,9 % психикалык кысымга алынат. Бир бөлүгү зордукталган. Бул жаатта акыркы сегиз ай ичинде 166 кылмыш иши козголгон.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*