«Аруу дил» оор кырдаалдарда балдарга жардам берет

Жакында Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Баглан айылында турмуштук оор кырдаалдарга кабылган балдардын убактылуу келип кетүүчү «Аруу дил» борбору ишин баштаганы турат. Кабарчыбыз анын директору Махабат Касымова эжеке менен борбордун ачылуу максаты туурасында маектешип кайткан.

– Өзүңүздөргө деле маалым соңку мезгилдери журт арасында элибиздин менталитетине, нарк-насилине тап-такыр туура келбеген көрүнүштөр жүз берүүдө. Айрыкча жаш балдарга, өспүрүмдөргө балдарга зордук зомбулук көрсөтүлгөн фактылар ЖМКларда байма-бай айтылууда. Мындайларды укканда төбө чачың тик турат. Буга кошул-ташыл миграциянын агымы күч алган ушул тапта канчалаган балдарыбыз ата-энесинин эмес башка жакындарынын колунда калууда. Натыйжада алардын арасында депрессияга зордук зомбулукка кабылгандар көп учуроодо.

Борбор ошондой турмуштук оор кырдаалдарга кабылган балдарга моралдык, психалык жактан жардам көрсөтүү максатында түзүлдү. Бизде 2 жаштан 18 жашка чейинки балдар убактылуу каралат. Ал эми бул жакка келчү балдарды жер-жерлердеги соцпедагогдор, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору аныктайт. Бул жерге келген балдар жана өспүрүмдөр менен биздин мугалим, тарбиячы, психологубуз, медициналык кызматкерибиз тыгыз байланышта болуп, иш алып барышат. Убакыттын өтүшү менен баланын жан дүйнөсү калыбына келген соң кайрадан өз бүлөсүнө жиберилет. Анын ордуна башка бала кабыл алынат. Мында баланын каалоосу сөзсүз түрдө эске алынат.

– Борборду уюштуруу, каржылоо иштери кайсыл тараптардын колдоосу менен жүргүзүлүүдө?

– Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Евросоюздун жана Түштүк Кыргызстандагы педагогдордун социалдык союзунун өнүгүүсү коомдук бирикмесинин жана Т. Кулатов айылдык өкмөтүнүн колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Бул имарат союз мезгилинде бала бакча, кийинчерээк ФАП эле. Быйыл айыл өкмөт тарабынан ФАП башка жакка жылдырылды. Имаратка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Азыр тарбиялануучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

– Сиздерде канча бала тарбияланат?

– Негизи 60 бала алдын ала иликтөөгө алынат. Алардын 12си бизде тарбияланат. Улам депрессиядан чыгып, өзүнө келген балдар, өз каалоолору менен

үйүнө жибериле берет. Алардын ордуна башкалары келет.

– Борбор качан иштей баштайт?

– Буйруса ноябрь айынан толук кандуу иштейбиз.

Н. Абдуллаев, “Ноокат таңы”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*