Таласта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү боюнча семинар болуп өттү

Таласта облустук өкүлчүлүктүн кеңешме залында жергиликтүү бийлик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, “Бириккен кол” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси жана “Жаңырык” коомдук уюму тарабынан уюштурулган “Кол кармашып аутизмди жеңебиз” деген темада семинар болуп өттү.

Облустук өкүлчүлүктүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтосуновдун айтуусунда бул семинарга облустун социалдык коргоо кызматтарынын, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарынын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйлөрүнүн жетекчилери катышып, майып балдарды коргоо жана аларга колдоо көрсөтүү боюнча келечек көздөгөн талкууларды жүргүзүштү.

Алар облуста иштеп, майып балдарга жардам көрсөтүп жатышкан “Нур бала”, “Теңир колдо”, “Таң нуру” коомдук бирикмелеринин иш тажрыйбалары менен таанышышты. Семинарда “Жаңырык” коомдук уюмунун төрайымы Жылдыз Садыкова, “Бириккен кол” ата-энелер коомдук бирикмесинин өкүлү Наргиза Конушалиева мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо боюнча республикада жана облуста жүрүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришип, бул багытта келечекте аткарыла турган иштер боюнча ой бөлүшүштү.

Кабар

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*