Айылдык кеңештин депутаты майып балдардан үй талашып…

zuurakan

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылынын тургуну, майып балдары бар Зууракан Балтабаева орус кемпирден калган тамдын тагдырын азыркыга чейин чече албай келет. Бул маселе боюнча юридикалык жардам сурап кайрылбаган жери калган эмес. Жеке адвокаттар кызматы үчүн миң доллардан 2 миң долларга чейин сурашкан.

Мындан жыйырма жылдай мурун Зууракан Балтабаева үй-бүлөсү менен Жаңы-Жер айылына көчүп келет. Кошуна орус кемпир жалгыз жашагандыктан, өзүнүн балдары майып экенине карабай, кемпирди багып, жардам берип келген. Кемпирдин Орусиядагы баласы келип, апасын алып кетмекчи болгондо, ал кемпир ыраазычылык катарында үйүн документтери менен кошо Зуураканга берип кеткен. Эми ал тамды Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Жолчу Эсенжанов талашып келатат.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Зууракан Балтабаевага бул үйдү мыйзамсыз ээлеп жатасың деген доомат коюп келүүдө.

Ал эми майып балдарын ээрчиткен Зууракан Балтабаева бул үйдүн маселесин чечип алуу үчүн Сокулук райондук сотуна кайрылган. “Ал жактагы адвокаттар 1000-2000 доллар акча каражатын талап кылышкан. Андай акчанын атын эле угам, өмүрү көргөн эмесмин. Бул сумманы мен аларга кантип төлөп бермек элем?” дейт Зууракан.

Улуу баласы 23 жашта, талма оорусу бар жана 2-топтогу майып. 9-класста окуган кичүү баласы жакшы сүйлөй албайт. Атайын мектепке берген. Бул үйдүн тагдырын чечип алуу максатында “Майыптыгы барларга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фондусуна кайрылган.

Аскат БАЙМАТОВ, “Майыптыгы барларга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фондусунун адиси: “Үйгө ээ болууга толук акылуу”

— Биз бул боюнча сотко арыз менен апрель айында эле кайрылганбыз. Иш учурда сотто каралууда. Тамдын эски ээси келбей жаткандыгына байланыштуу сот процесси улам жылдырылып жатат. Жарандык кодекс боюнча ал үйдү менчикке өткөрүп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны ал жерде кеминде 15 жыл ачык, өз каалоосу менен жана үзгүлтүксүз жашашы керек. Ал эми Зууракан Балтабаева бул үйдө 19 жылдан бери жашайт. Документтер, күбөлөр да бар. Демек, ал үйгө ээ болууга толук акысы бар. Биз азыр соттун чечимин гана күтүп жатабыз. Азыр сотторду тандоо болуп да, бул ишти кароо кечеңдеп жатат.

– Майыптыгы бар адамдар кайсыл жактардан, кандай учурларда бекер юридикалык жардам ала алышат?

— КРнын “Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардамдар” тууралуу мыйзамы бар. Ага ылайык, КРнын юстиция министрлигинин алдында майыптарга бекер жардам көрсөтө турган адвокаттар бар. Бирок ал юридикалык жардам кылмыш иштери боюнча гана 1-2-чи топтогу майыптар үчүн бекер көрсөтүлөт. Ал эми жарандык иштер боюнча бекер юридикалык жардамдар каралган эмес. Жарандык иштер боюнча биздин “Майыптыгы барларга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фондубузга кайрылышса болот. Биздин телефон номер: 0(312) 47-96-45.

Мунара Кадырдин кызы, “Полит Клиника”, 22.10.2015-ж.

1 Comment

Leave a Reply to Александра Жоопту жокко чыгаруу

Your email address will not be published.


*