Шайлоодо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу сакталдыбы?

shayloo

Парламенттик шайлоо деп бир жылга чукул убакыттан бери катуу даярдык көрүлдү. Кыргызстан өнүгөт, коррупцияны жоебуз же өлкөдө бардык адамдар жетиштүү жашоодо жашайт деген убадаларды угуп жаттык. Айрымдары “балдарыбыздын жакшылыгын көрбөй калалы” деп ант бергенге чейин барышты. Ошол эле учурда алар өз программаларында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды унутта калтыргандай. Майыптыгы бар жарандар шайлоого катыштыбы жана алар өздөрүнүн атуулдук милдетин аткарууда кандай тоскоолдуктарга кабылышты деген суроого жооп издедик.

isakovТолкунбек Исаков, Майыптыгы бар адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү фондунун директору: “Биометрикалык маалыматтарды сыртка чыгып тапшыра албай калышкан”

– Биринчиден, биометрикалык маалыматтарды тапшырбай калгандыгы үчүн маселелер чыгууда. Майып адам үйүндө жатып алгандыктан эмес, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, биометрикалык маалыматтарды тапшыра албай калышкан. Экинчиден, тапшырып, бирок тизмеден чыкпай калган учурлар да катталууда. Мына, азыр эле мага чалып жардам сурагандар болду. Бул, албетте, БШКнын чоң көйгөйү. Мындан сырткары, айрым шайлоо участкалары экинчи кабатта жайгашып калган, ал жакка майыптыгы бар адамдын чыгышы оор. Биринчи кабатта жайгашкан күндө деле тепкичтери бийик жана атайын шарттар түзүлгөн эмес. Ошондой эле үйүнөн добуш берүүчүлөр да кайрылышууда, себеби эреже боюнча үйүнөн добуш бериш үчүн жарандар шайлоого чейин БШКга арыз менен кайрылыш керек эле. Алдын ала  арыз берүү керектиги тууралуу маалыматы жок болгондуктан, көпчүлүк майыптыгы бар жарандарыбыз өз добуштарын бере албай, укуктарын пайдалана албай жатышат.

asipa1Асипа Мусаева, Майып аялдардын коомунун жетекчиси: “Үйүңөрдөн добуш бересиңер деп коюп келбей коюшкан”

– Мен азыр добуш берип чыктым. Бул шайлоодо майып адамдардын көбү келе алышпайт, себеби алар үчүн транспорт жок. Биздин негизги көйгөйүбүз -имараттарга кирип-чыгуучу пандустар жана транспорт . Ал эми БШК үйдөн чыга албаган майып адамдардын тизмесин тактап, алардын добушун бир күн мурда үйүнөн алып кетиш керек эле. Мага ушул суроо менен эки адам чалды. Алар БШКга кайрылышкан экен, “келебиз” деп убада берип коюп, келбей коюшкан. Мына ушундай жоопкерсиздиктин айынан көпчүлүк жарандар укугун пайдалана албай, четте калып жатышат. Биз шарттардын жоктугу тууралуу маселелерди мурдатан бери чече албай келебиз, кайрылбаган жерибиз калган жок. Партияларга кайрылган күндө деле маселе чечилбейт. Учурунда майыптар чогулуп, Дастан Бекешовду колдогонбуз. Бирок эч кандай жардам, натыйжа болгон жок. Сөздүн ачыгы, болгону аны депутат кылып койдук. Жоопкерчилик деген нерсе жок, бири-бирине гана шылташат. Билбейм кайсы убакта оңолот. Биз көп нерсе сурабайбыз, болгону майыптар каалаган жерине өз алдынча кирүүгө шарт түзүп койсо болду. Талаптарыбыз аткарылбай жатса, айласыздан өкмөттү күнөөлөйбүз да. Мен 20га жакын мамлекетти кыдырдым, эми ал жактарда бизге окшогон адамдарга түзүлгөн шартты көрүп кубанасың. А биздин өлкөдө кайдагы шарт? Майыптар коомго аралаша албай, үйүндө камалып жатышат. Көрүп жатасыздар, бул жолу шайлоочулар аз. Эл азыр тажап, шайлагысы деле келбей калды.

gulzarДобуш берүүгө араң үлгүргөн Гүлзар Дүйшенова

Ал эми Бишкек шаарынын мүмкүнчүлүгү чектелген тургуну Гүлзар Дүйшенованын айтымында, ал үйдөн добуш берүү үчүн каттоодон өткөн. Бирок 4-октябрь күнү анын үйүнө эч ким келген эмес. Ал кечки саат 18-30га чейин күтүп, акыры келбесине көзү жеткенде, өзү барууну чечет. Мектеп жашындагы баласынын жардамы менен шайлоо участогуна келип, шайлоонун убактысы бүтөөрдө гана добушун бергенге үлгүргөн. Гүлзар айым да жогорудагыдай эле шарттардын жоктугунан канчалаган адамдар катыша албай калганын айтат.

Gulmira1Гүлмира Казакунова, 1-топтогу майып, Кара-Кол шаарынын тургуну: “Шайлоо участкаларынын тепкичтеринен чыга албай, көтөрүп чыгарышты”

– Кара-Кол шаарында бул шайлоого мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көбү келе албай калды. Кээ бири биометрикалык маалыматтарды убагында тапшыра албай калган. Ал эми башка бирөөлөр үйүнөн чыга албайт. Аларга үйдөн добуш берүү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Мен жарандык милдетимди аткарууга барганымда, шайлоо участкасынын тепкичтеринен чыга албай, көтөрүп чыгарышты. Мындан сырткары эшик өтө тар болгондуктан, аны койгулап жатып араң ачышты.Мага чейин шайлоого коляскачан адам келбесе керек деп ойлодум. Шайлоодо көз каранды болгондон айбыгып, көпчүлүгү келбей да коюшу мүмкүн.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Мунара Кадырдин кызы, “Полит Клиника”, 01.10.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*