Майып уулуна атасы алимент төлөбөйм деп…

aliment

Айрым учурда өз укугун билбегендиктен, турмуш-тирликте көп жабыр тартып келаткан аялдар кездешет. Ал эми юристтер менен кеңешип, мыйзам чегинде иш жүргүзсө, бардык маселени чечип алууга болот. Бишкек шаарынын тургуну Жумабүбү Кенжекараеванын эки уул, бир кызы бар. 2003-жылы күйөөсү менен ажырашып кеткен. Ортончу уулу Изаттын азабын көп тартып келет. Уулунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен, өз алдынча оокат кыла албайт. Он сегиз жашка чыкканда, атасы алимент төлөөдөн баш тарткан.

– Менин эки уул, бир кызым бар. Жолдошум менен 1981-жылы Фрунзеден таанышып, кыз-жигит болуп жетелешип жүрүп баш кошконбуз. Ѳзү Таластын Кара-Буура районунан болот. Баш кошкондон кийин он үч жыл Таласта жашадык. Ал жылдардын аралыгында өзүбүзгө ылайыктуу үй салып, эки уулдуу да болдук. Жашообуз биз ойлогондой эле, өз нугунда өтүп жаткан. Баардыгы кичүү уулум Изаттын оорусунан улам башталды. Уулум Таластагы бала бакчалардын бирине барчу. Күндөрдүн биринде сасык тумоолоп, табы көтөрүлүп калды. Эч нерсе оюмда жок эле сасык тумоолоп калганго деп дары-дармек берип койгом. Арадан күндөр өтүп, денсоолугу жакшырып, кайрадан бала бакчага бара баштаган. Бир күнү бала бакчадан баламдын денсоолугу начарлап, тырышып жыгылып калган экен. Ошол күндөн тарта эки күндүн биринде талмасы кармап калды.

«Үйүбүздөн же акчабыздан дайын жок талаада калдык»

– Баламдын дартына байланыштуу борбор шаарда жашоого туура келди. Барбаган табыптар, кайрылбаган бейтапканам калган жок окшойт. Баламдын ден соолугуна байланыштуу жолдошум экөөбүз акылдашып, Таластагы үйүбүздү сатып, Бишкекке көчүп келүүнү чечтик. Мен Бишкекте жүргөндө, жолдошум үйдү сатыптыр. Үйдүн акчасын каалагандай ичип-жеп, ар кимге карызга таратып, чардап койгон экен. «Карызга берген акчаларыңды чогултпайсыңбы? Бишкектен жер алалы» деген сөзүмдү угуп да койгон жок. Ошентип же үйдөн жок, же акчадан жок, талаада калдык. Акыры тытынып иштеп жүрүп, Көк-Жар жаңы конушунан жер алып, эки бөлмөлүү үй салып алдык. Баламдын абалы баягыдай эле,эч бир дарыгер жардам бере албады. Акыры майып болуп калды,өз алдынча тамак ичип, басканы менен, баары бир жалгыз калтырып кете албайсың.

«Акыры ажырашып тындык»

– Баламдын оорусуна байланыштуу иштебей отуруп калдым. Күйөөм «кайда кетмек эле» дегендей, каалагандай басып, ичип-жеп жүрдү. Бир нерсе айтсаң, чатак салып, үйдөгү оокаттарды талкалап, сабап жатып калчу. Бир күнү «мен үйдүн документин күрөөгө коюп, маршрутка алып, айдоочу болуп иштейм» деди. Айдоочулук күбөлүгү жок, айдоочу да болуп иштеп көргөн эмес. Мен башында макулдугумду бербей жаткам. Акыры улуу уулум Ринатты ортого салып атып, макулдугумду алып, үйдүн документтерин күрөөгө коюп,бус алды. Ижарага алган унаасы улам бузулуп,жүрбөй калды. Унаанын ижара акысына айына он үч миң төлөшүбүз керек эле. Ижара акысы төрт ай төлөнбөй, маршрутканы ижарага берген аял үйгө карызын доолап келди. Же жолдошум үйгө келбейт. Акыры айлам кетип, эжени күйөөмдүн жумушуна ээрчитип бардым. Барсак, өзү жумушта жок, машинасы жумушунун алдында токтоп туруптур. Айлам кетип эжеге: «Эже, кеч болуп кала электе машинаңызды алыңыз. Бирок мени чыпалактай болгон балдарым менен көчөгө калтыра көрбөңүз» деп жалдырап ыйладым. Ал «Сени кичинекей балдарың менен көчөгө чыгарбайм. Болгону машинамды оңдогонго бир аз каражат бергиле» дегенинен, машинаны оңдотууга каражат таап бердим. Жолдошум тапканын ар кимге чачып, ичип, үйгө келбей жүрдү. Бир нерсе деп айтсаң эле, баса калып, көгала кылып сабап жатып калат. Жыйырма жыл бирге түтүн булатыптырбыз. Ал жылдардын аралыгында жасаган иштерине көз жумуп, акыры оңолот деп келгем. Тилекке каршы, ойлогон оюмду кыстаган турмуш жеңип, 2003-жылы ажырашып кеттик.

«Эки балама алимент кестирип алдым»

– Ажырашкандан кийин Изат менен Акылай экөөнө сот аркылуу 35 пайыз алимент бөлдүрүп алдым. Үч жылдан соӊ Изат он сегиз жашка чыккандан кийин балама алимент төлөбөй калган. А чын-чынына келгенде, балам Изат мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, атасы өмүр бою алимент төлөөгө милдеттүү экен.

«Он сегиз жашка чыккан балага алимент кестирүү кыйын экен»

– Юристтер менен кеңешип, кайрадан атасынан алимент кестирип алуу максатында жолдошумду сотко берүүнү чечтим. Бирок он сегиз жашка чыккан балага алимент кестирип алуу кыйын экен. Ал үчүн балама паспорт, аскердик билет жана майыптыгы тууралуу документтер талап кылынат. Документтерди жасатуу үчүн бир жылдай убактым кетти. Баламдын документтери даяр болгондон кийин сотко арыз менен кайрылып, 2007-жылы соттун чечими кабыл алынып, уулума кайрадан айына 500 сом алимент кестирип алдым. Балам айына 1000 сомдун дарысын ичет.

Беш жүз сом акча деле эмес да. Арадан үч жыл өткөндө, тагыраагы 2010-жылы «Балам чоңоюп, ага сарпталган каражат да көбөйдү. Алименттин суммасын көбөйтсүн» деп кайрадан сотко берип, алименттин акысын 1000 сомго көбөйттүрүп алгам. Учурда кичүү кызым Акылай менен мүмкүнчүлүгү чектелген уулум Изат экөөнө айына 3000 сом төлөйт. Бирок атасы балдарына кайрылып «Кандай жашап атасыңар?» деп деле келбейт. Балдарым деле атасына көп жакын эмес.

Асел АСАНАЛИЕВА, «Сезим» кризистик борборунун юристи: «Балага алимент өндүрүү үчүн сотко кайрыласыз»

– Аял менен күйөөсү сот аркылуу ажырашып, ортодо жашы жете элек балдар болсо, анда күйөөсү бала 18 жашка чыкканга чейин алимент төлөп турууга милдеттүү. Эгерде баланын атасы экендиги анык болсо, алимент төлөө – жубайлардын мамлекеттик кызматта иштегендигинен же иштебегендигинен жана нике күбөлүгү сот тарабынан ажыратылгандыгынан же ажыратылбагандыгынан көз каранды эмес.

  • Эгерде бала үч жашка чыга элек болсо, анда баланын энесин камсыздоо үчүн өзүнчө, ал эми бала 18 жашка чыкканга чейин өзүнчө алимент өндүрүлөт. Бирок алимент төлөөчүнүн бир жылдык кирешеси жөнүндө маалымат сотко тапшырылбаса, анда эң аз айлык акынын өлчөмүндө эсептелет. Бала үч жашка чыкканга чейин энесин камсыздоо үчүн алименттин өлчөмүн сот аныктайт же жубайларга өз ара келишип алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
  • Ал эми бала бой жеткенге чейинки өндүрүлүүчү алимент КР Үй-бүлө кодексинин 86-беренесинде көрсөтүлгөндөй, алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо, жашы жете элек балдарга алимент алардын атасынан ай сайын: бир балага – атанын иштеп тапканынын жана дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага – үчтөн бири, үч же андан көп балага – жарым өлчөмдө өндүрүлүп алынат.
  • Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үй-бүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
  • Фермердик чарба жүргүзүүдө жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, алименттин орду натуралай азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн.
  • Эмгек акынын жана колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өзалдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же барабар үлүштөрдө баланын менчигине берүү жолу менен берүүгө милдеттүү.
  • Эгерде никеси жок болуп, баланын атасы аталыгын аныктаган болсо, алимент кестирип алуу баланын ата-энесинин биргелешкен арызы аркылуу сот тартибинде аныкталат.
  • Эгер аталыгын мойнуна албаган болсо, сот аркылуу аталыгын аныктап, анан алимент кестирүүгө кайрылуу керек.
  • Эгерде баланын майыптыгы болуп, өз алдынча ишке жарамдуу болбосо, анда алимент төлөгөн тарап майыптыгы бар баласына өмүр бою алимент төлөйт. Андан сырткары, кийим-кече, дары-дармектери менен камсыз кылууга милдеттендирилет.

Алимент өндүрүү үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • Ата-энесинин нике күбөлүгү

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк

  • Жашаган жеринен справка

  • Алимент кестире турган адамдын паспорту

  • Иштеген жеринен айлык акысынын суммасы көрсөтүлгөн справка

  • Эгерде баласынын майыптыгы бар болсо, анда бейтапканадан справка, дары-дармекке кеткен каражаттын суммасын аныктаган чек керектелет.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит Клиника», 15.10.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*