Үкөй МУРАТАЛИЕВА, мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын «Назик кыз» коомдук бирикмесинин жетекчиси: «Башкалар мени канчалык басынткан сайын мен кайра чыйралам»

ukoy1

Мүмкүнчүлүгү чектелсе да билим алып, көптөгөн ийгиликтерди багынтып, мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын «Назик кыз» коомдук бирикмесин түзгөн жыйырма тогуз жаштагы Үкөй Мураталиева өзү тууралуу гезитибизге кеңири айтып берди.

– Жашоодо мен оору менен оорудум деп айта албайм. Ооба, шал менен ооруп калганым өмүрүмдүн басымдуу бөлүгүн ээлейт. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелген адам болгондон кийин ар кандай шарттарга дуушар болот экенсиң. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кичүүсүмүн. Менден улуу эки агам өз убагында бала бакчага, андан кийин мектепке барып билим алышкан. А мен денсоолугума байланыштуу өз убагында бала бакчага барбай калгам. Эсимде, апам дайыма үйгө бекитип кетчү. Үйдө отура берип зериккенимден, китеп текчебиздеги ар кыл темадагы китептерди ачып, эрте окуганды үйрөндүм. Китеп көп окуганымдын пайдасы азыр адамдар менен тез тил табышып, маекти андан ары да улантып кеткенге өбөлгө түзөт. Биздин үй бала бакча менен мектепке жакын жайгашкан. Улуу агаларым бала бакчага кетип жаткандарын көрүп, менин да баргым келчү. Апам бир нече ирет бала бакчага киргизип коеюн деп аракет кылыптыр. Бирок бала бакчанын жетекчиси «Кызыңардын мүмкүнчүлүгү чектелсе, балдар түртүп жиберсе, жыгылып калат. Ким дайыма жетелейт?» деп мени бакчага алуудан баш тарткан экен. Апам андай сөздөргө маани деле бербестен, мени мектепке барууга жаш курагым жетип калганда «кызым билим алып, окусун» деп мектеп директору менен сүйлөшүп, 1-класска берген. Алгач, апам сүйлөшкөнү барганда мектеп директору «кызыңыз жыгылып калат» деп мени мектепке алуудан баш тарткан экен. Ошондо апам «Кызым ансыз деле үйдөн деле жыгылып атат. Мектептен кызым жыгылып бир нерсе болсо, силерге доомат койбойм» деп жатып араңдан зорго №71 орто мектепке 1993-жылы 1-класска берген. Ошол учурда апама «Баары бир кызың окуй албайт. Мектепке бербей эле койсоңчу. Тынч эле жүрбөйбү» деп кеңеш айткандар көп болгон. Бирок апам баардыгына көз жумган. Анткени апамдын эң башкы максаты кызынын билимдүү болушу болгон. Мен мектепке окуп баштаган жылдан тарта биздин мектепти томолой жетим балдар үчүн жатаканасы бар интернатка айлантып жиберген. Мектепке барганда биринчи мугалимим Клара эжей, классташтарым мүмкүнчүлүгүм чектелгенине карабастан, жакшы маанай менен тосуп алып, дайыма мага жардам берип келишти. 2004-жылы орто мектепти аяктадым. Бирок баары бир алты саны аман адамдардын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майыптарга карата калыптанган ой жүгүртүүсүн жеңе албайт экенсиң.

ukoy2

«Окуу жайга тапшырууда кыйналдым»

– Мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү билимин андан ары жогорулатуу максатында студент болууну көздөшөт эмеспи. Мен да алар сыяктуу студент болом деп ак эткенден так этип жүргөм. Бирок окуу жайын тандоодо бир топ көйгөйлөргө тушуктум. Себеби 2004-жылы Жалпы республикалык тестирлөө (ОРТ) программасы негизделип, биз алгачкылардан болуп тест тапшырганбыз. Жогорку окуу жайына өтүү үчүн 110 упайдан жогору алышың керек эле. Ошондо гана каалаган окуу жайыңа тапшыра аласың. Мен тестте 109 упай алып, өтпөй калгам. Бул деген «бир да окуу жайга тапшыра албайсың» деген сөз да. Бирок бизде «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эч бир тоскоолдуктарга карабастан бюджетке окуса болот» деп мыйзамда жазылган. Мен ошол мыйзамдын негизинде окуу жайга өттүм. Бирок көпчүлүк майыптар бул мыйзамды билбей «Тесттен жогорку упай топтой албай калдым» деп окубай койсо, айрымдары үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу окубай калып жатышат. Мен жаңы студент болгондо, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Мисалы, биринчи сабагың 1-кабатта болсо, экинчи сабагың 6-кабатта, үчүнчү сабагың кайра 1-кабатта дегендей. 1-кабаттан 6-кабатка планшет, сумкаларды көтөрүп чыгуу мен үчүн бир топ эле кыйын, ал-күчүңдүн баары ошого кетет. Кээде үйгө барганда, планшет, китеп-дептерлеримди ыргытып жиберип, өксүп ыйлап да алчумун. Ѳзгөчө кыш мезгилинде муз үстүндө баса албай, тайгаланып жыгылып, окуу жайына баруу кыйын болду. Мындай учурда кай бир адамдар жардам берсе, экинчиси көрмөксөнгө салып өтүп кетишет. Үйдөн чыгып атканда эптеп маршрутка кеткен аялдамага жетсем, бирөө мени маршруткага салып жиберсе деп пландап чыкчумун. Кыскасы, окуу жайыма жеткиче улам бир бакты кучактап отуруп, жыйырма эки бактын жанынан эс алып өтчүмүн. Кыштын тайгагы мен үчүн көйгөй жаратат. Бул нерсе менин жинимди келтирип, ызалантчу. Бирок айла жок, алдыга койгон максатыма жетиш үчүн билим алышым керек эле.

ukoy3

«Мен сенин майыптыгыңа карабай окуудан кетирем» деген мугалимдер болгон»

– Окуу жайда окуп жүргөндө укугум тебеленип, ызаланган учурлар көп болду. Менин мүнөзүм жумшак, ачык-айрым болгондуктан, адамдар менен тез тил табышып кетем. Менин мугалимдер менен жакшы мамиледе болгондугум айрым мугалимдерге жакпай, мен баары менен жакшы мамиле түзүп алып, алар мага боору ооруп, бааны белекке берип атат деп ойлошкон экен. Эсимде, бир мугалим өзүнүн принциптерине таянып, канча ирет эшигин кайтартып, 2-курстун башынан аягына чейин мени менен тирешип келди. Ал тургай «Мен сенин мүмкүнчүлүгүң чектелгенине карабастан окуудан ыргытам. Эмнеге сен жасагандардын баардыгы ишке ашат? Мен сага бааны белекке бербейм. Сен эмнени окутуп кыйратып атыптырсың! Башкалар бааны белекке берип атышат. Кийин, эмне, профессор болосуңбу?» деп кемсинтип, бетиме айткан күндөрү болгон. Бирок акыры татыктуу баамды коюп берди. Бул окуядан кийин мен окуу жайды көргүм келбей, окугум да келген эмес. Бирок алдыга койгон максаттарымдын күчү менен бардык кыйынчылыкты жеңип келдим. Башкалар мени канчалык басынткан сайын мен ошончолук чыйралам.

ukoy4

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга уюм ачууга жеңилдиктер бар»

– Мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын, аялдардын укугун кеңейтүү боюнча «Тармак» деген Борбор Азиялык долбоордун алкагында кышында «Назик Кыз» коомдук бирикмесин ачтым. Бирикмени ачууда эч кандай деле кыйынчылыктар болгон жок. Мен ачкан жылдары майыптыгы бар адамдар ишкана ачам десе эч кандай жеңилдиктер каралчу эмес. Азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга уюм ачууга жеңилдиктер бар. «Назик Кыз» коомдук бирикмеси ачылгандан кийин «Интер-Билим» Эл аралык борбору бир топ жардамдарды берди. Алар бизге долбоор жазганды үйрөтүп, аны өздөрү колдоого алып, бизге гранттарды берип жатышты. Ошол долбоордун негизинде документтер менен иштөөнү үйрөндүк. Кийин, коомдук бирикменин негизинде көптөгөн чакырууларга барып, иш-чараларга катышып келебиз.

“Кемсинтүүгө көп кабылам”

Күнүмдүк жашоодо мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары менин укуктарым көп эле жерден бузулуп келет. Айрымдарын санап өтсөм:

  1. Эки күндүн биринде адамдардын майыптарга болгон кемсинтүүсүнө, басынтуусуна кабылам. Маршруткада орундуктардын биринде отурсаң, улуу муундун адамдары «Эмнеге мага орун бошотуп бербейсиң?» дешет. Мен баардыгын түшүндүрсөм да түшүнүшпөй «Аңкоолонуп атасың да, ылайым эле майып болуп кал!» деп каргагандары да бар.
  2. Көчөдө жүргөндө айрымдар «Сен абдан жакшынакай кийинип алыптырсың. Бирок эмнеге бутуңду ачып, кыска юбка кийип алдың? Сен бутуңду жаап жүр. Бутуңду башкалар көрбөшү керек» деп кемсинтишет.
  3. Жумушка алганда бир нерсени аткара албай калсаң «Мына, мен силерге бул майып эмнени кыла алмак эле деп айтпадым беле. Жумушка албай эле коюш керек болчу» деп кемсинткендер да болбой койгон жок. Мына ушундай окуялардын айынан ишке жарамдуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз жумушсуз жүрүшөт.

 

Аскат БАЙМАТОВ, «Майып адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү» коомдук фондусунун адиси: «Сот компенсация төлөтүп берет»

– Ооба, мүмкүнчүлүгү чектелген майып адамдарды алты саны аман адамдар жүргүнчүлөрдү ташуучу унаада, көчөдө болобу, айтор, өз теңдерине албай, аларды басынтып, туура эмес көз караштары менен карап келген учурлар бар. Албетте, бул туура эмес. Биз, адамдар, эч качан алар да бизге окшогон адамдар экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Эгерде жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаада, жолдо кетип баратканда кимдир бирөө дарегиңизге шек келтире турган сөздөрдү айтып, майыптыгыңызды баса белгилесе, анда сиз сөзсүз түрдө жашаган дарегиңиз аркылуу сотко кайрылышыңыз керек. Сот ал адамды жазага тартып, моралдык жактан жапа чеккендигиңиз үчүн компенсация төлөтүп берет. Ал эми жумуштагы кырдаал боюнча айтсак, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өзүнүн ишке жарамдуулугуна карап жумуш издеши керек. Эгерде кайсы бир ишке жарамдуу экенин өзү билип турса, анда конкурс аркылуу ал жумушка өтсө болот. Иштейм деген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын кылган аракеттерине жетекчилик тарабынан эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Эгерде кызматынан кайсы бир ишти аткара албай калгандыгы үчүн жетекчилик тарабынан «майыпты жумушка албай эле коюш керек болчу» деген сөздөр айтылса, анда ал мүмкүнчүлүгү чектелген жаран сотко же биздин коомдук фондубузга (ишеним телефондору 0(312) 47-96-45) кайрылса болот. Биз аларга колубуздан келген жардамдарыбызды беребиз.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит Клиника», 01.10.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*