Майып адамдардын коомдук транспортто жүрүү укугун ким коргойт?

Кыргызстанда 168 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болсо да, алар үчүн көчөдө жүрүп, дүкөндөргө барууга шарттар түзүлгөн эмес.

Кыргызстанда 168 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болсо да, алар үчүн көчөдө жүрүп, дүкөндөргө барып соода кылып, кино, театрга, эс алууга барууга өлкөдө буга чейин таптакыр шарт түзүлгөн эмес. Учурда бул маселе акырындап колго алынууда. Ошентсе дагы жасала турган иштер арбын.

Көп учурда буту-колу баса албаган же көзү азиз адамдар жакын адамдарын коштоосунда гана көчөгө чыгышат. КР Социалдык Өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин берген маалыматына караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук транспортто жүрүүсү эң эле орчундуу маселе.

“Бул бир топ көйгөйлүү маселе. Биз майыптардын укугун коргоо боюнча маселелерди өкмөт отурумуна алып чыккан элек. Бул жыйында бир катар министрликтер мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн аткарылып жаткан иштери туурасында айтып чыгышкан болчу. Анын ичинде өлкөдө жашаган майып жарандардын коомдук транспорттогу укуктары каралып, айтылган. Чындыгында бүгүнкү күнгө чейин майыптыгы бар жарандарыбыз үчүн шарттар такыр эле жок болчу, алар таптакыр коомдон обочолонуп, сыртка чыкпай үйүндө камалып отура беришчү, элге аралаша албай коомго жабык болчу эле. Азыр болсо аздыр-көптүр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көпчүлүгү коомго чыгып аралашып калышты. Мисалы, азыр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн “Народный” дүкөндөрүндө, дарыканаларда, мектептерде имаратка кирүү үчүн атайын пандустар курула баштады. Ал эми башка мамлекеттерде коомдук транспорттор мыкты жабдылып, аз кыймылдуу жана көзү азиз, майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылган, унаанын тепкичтери ылдыйлатылып түшүрүлгөн атайын автобустар жүрүп турат. Тилекке каршы, бизде мындай автобустар жок. Биз дагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өлкөбүздөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын транспорт коммуникацияларынан пайдаланышы үчүн ушул сыяктуу автобустар алынсын деген талаптарды коюлу деген максатыбыз бар. Менин оюмча буйруса, бул маселелерди чечкенге шарттарыбыз бар”,-деп пландарын бөлүштү министр.

“Сезим” майыптар коомдук укук фондусунун түштүк аймагынын башчысы Камилжан Майнаевдин айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук транспорттогу укуктары тууралуу маалыматтар аймактарга аз берилип, түшүндүрүү иштери өтө аз жүргүзүлөт.

“Өлкөбүздөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бардык жарандар сыяктуу эле коомдук унаага түшүүгө толук укугу бар. Бизде азыр бул жакта айыл болгондуктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук транспорттогу укуктары тууралуу маалыматтар аз берилип, түшүндүрүү иштери өтө аз уюштурулууда. Бизге келген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар коомдук транспортто жүрүү укуктарын, бул туурасында кимге кайрылууну, ар кандай зордук-зомбулукка кабылган учурларда арыз жазганды билишпейт. Мен дагы, тактасам биздин фонд бул жаатта мыйзамдын чегинде, белгиленген тартипте колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп, укугун түшүндүрүп маалымат берип жатабыз”,-дейт Майнаев.

Анын айтымында, жакындан бери Ош шаарында жана аталган облустун айрым айылдарда майып адамдар үчүн коомдук транспортто атайын орундуктар дагы орнотулууда.

“Бишкектеги эл ташыган унаалар кандай экенин билбейм, Ош шаарында жана айылдарында ар бир маршруткага киргенде байкап жүрөм, кадимки эле айылдык маршруттук унаалардын ичине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын бир кишилик орундуктар орнотулду. Орундуктун жанында “Орундук майып адамдар үчүн” же “Место для инвалидов” деген жазуу илинген. Бул иш эки ай мурда ишке ашырыла баштаган. Коомдук унаалардагы мындай орундуктардын жайгаштырылышы мен сыяктуу коляска менен жүргөн адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелген, коомдук унааларга түшө албаган балдар үчүн да ыңгайлуу болуп калды. Өзүм он жылдан бери ушул коляска менен жүрөм”,-деп кошумчалады Майнаев.

Ошентсе дагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарын көчөдө жүрүшүнө баардык жерде кеңири шарт түзүлүшү керек. Мисалы, көзү азиз адамдар өтүш үчүн атайын үн берилген светофорлор борбор калаабыз болгон Бишкекте бир нече гана көчөдө орнотулган.

Шаар тургуну, көзү тубаса начар көргөн Кайырбек Азыкбаевдин айтымында, ага көбүнчө маршруткалардан орун бошотуп беришет. “Албетте адамдар сыйлап, аяп орун беришет. Орунсуз деле калган күндөрүм болгон эмес. Бирок үн светофорлору жок. Көчөнүн кесилишинен өткөн кезде кыйналам”,- дейт ал.

“КРдеги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалы” жөнүндө акыйкатчынын 2014-жылы үчүн атайын докладында Кыргызстанда транспорт пайдаланууда майыптарга таптакыр шарт түзүлгөн эместиги айтылган. “Бишкекте каттаган 2450 чакан автобустардын биринде дагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын талаптарына ылайык шарттар түзүлгөн эмес. Бир дагы областта мындай жарандар үчүн коомдук транспорттун маселеси чечилген эмес, жүргүнчүлөр токтой турган жайларда пандустар, жол жээгиндеги аллеялар менен тратуарларга өтүүчү пандустар салынган эмес”,-деп белгиленет документте.

Майыптыгы бар жарандардын коомдук транспортто жүрүү укуктары “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46-беренесинде каралган. Ага ылайык, калкты транспорт менен тейлөөнү ишке ашырып жаткан тараптар менчтигинин түрүнө карабастан, автотранспорт каражаттарын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар алардын кызматынан тоскоолдуксуз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүүчү атайын шаймандар менен жабдууга тийиш.

Кыргыз республикасынын курулуш нормалары жана 2.2 СНиП КР 35-01-99 эрежелерине ылайык көрсөтүлгөн талаптар боюнча имараттар менен курулуштардын кире беришине өрт чыгып кеткен учурда эң аз дегенде 2 саатка чейин жалынга туруштук бере турган бышык материалдан пандустарды жана алардын тосмолорун орнотуу каралган. Пандустарга атайын таянгычтар орнотулууга тийиш жана эки тарабынан тең 8 пайызга жантайган абалда болууга тийиш. Эң узун пандус 9 метрден ашпоосу кажет, эгерде анын узундугу 6 метрден ашса, ушул аралыктан кийин өлчөмү 1,5 метрлик эс ала турган тегиз аянтча курулушу керек.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУ ӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Гүлнур Жумалиева, “Кабар ордо”, 15.09.2015-ж.

http://www.kabarordo.kg/doc/263353_mayyp_adamdardyn_koomdyk_transportto_jyryy_ykygyn_kim_korgoyt.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*