Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары сакталбай келет

seminar

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өткөн Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясынын биринчи семинарында сөз болду. Бул маселени юридикалык эксперт Айжан Жуманалиева көтөрүп чыкты. Анын айтымында, Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык бардык жарандардын укугу бирдей экени жазылганы менен иш жүзүндө андай болбогон учурлар көп.

“Кыргызстанда жашаган ар бир жаран юридикалык жардам алууга укуктуу. Коомдо адамдардын юристтерге, укук коргоо органдарына же сотторго болгон ишеними жок. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар юристтерге кайрылган учурда, алардын көйгөйүн чечип берерине ишенишпейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 43-беренеде бардык имараттарда, маданий жайларда, коомдук транспорттордо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын шарттар түзүлүш керек деп жазылган. Мисалы, көзү көрбөгөн адамдар үчүн атайын каражаттар жок. Алар өз алдынча укук коргоо органдары берген документтер менен тааныша албайт. Ошондой эле инвалиддик коляскада отурган жарандар коомдо эркин жүрө албай жатышат. Атайын пандустар курулбагандыктан, өз алдынча сот иштерине же иликтөө иштерине катыша албай келишет. Майып адам сотко кайрылууну чечсе да, сот имаратынын жанына гана келип токтоп калат. Ушул себептерден улам алар өзүнүн арыз-муңун жеткире алышпайт. Мыйзамда жакшы жазылганы менен иш жүзүндө аткарылбай келет. Сокулук, Ысык-Ата, Ленин райондук сот имараттарын баса белгилеп кетүү керек. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар Жогорку Соттун өзүндө түзүлбөгөндөн кийин райондук соттор тууралуу сөз кылуу канчалык деңгээлде маанилүү?” деди Айжан Жуманалиева.

Эске салсак, бул семинар ПРООН, USAID жана UNISEF уюмдарынын колдоосу менен өтүп, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева дагы катышты.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Мунара Кадырдин кызы, “Полит Клиника”, 01.10.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*