Балдарга карата зомбулукка каршы акция башталды

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда балдарга карата зомбулукту токтотуу максатын көздөгөн бир жумалык акция башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Адистер район борборлорун жана шаарларды кыдырып, балдарды коргоо, аларга карата зомбулукту алдын алуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурмакчы.

Укук коргоочулардын айтымында, 2011-жылы балдарга карата зомбулук фактыларынан 81 катталса, былтыр бул көрсөткүч 100гө жеткен. Кордолгон балдардын саны өсүп жатышына алардын көбүнүн ата-энеси мигрант болуп Орусияга же Казакстанга кетип калганы себеп болууда.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*