Баткенде улгайган адамдардын күндүзгү келип кетүүчү борбору ачылды

karuy1

Баткен шаарындагы «Ынтымак» Аксакалдар чайканасында улгайган жарандар үчүн күндүзгү келип кетүү борбору ачылып, иштей баштады. Ошол эле учурда борбордун туруктуу иштеп кетүүсүнө да шарт түзүлдү. Анткени буга чейин облустун башка аймактарында ачылган мындай борборлор кароосуз калып иштебей калган фактылар катталган.

Бул долбоор «Бабушка Эдопшн» Коомдук кайрымдуулук фонду жана Эльнура фонду тарабынан демилгеленип, толук иш жүзүнө ашуусуна Баткен шаардык мэриясы салым кошкон. Ал эми долбоордун каржылоосу Уаилд Гииз жана Эльнура фонддору тарабынан жүргүзүлгөн.

Долбоордун максаты улгайган жарандардын бош убактысында ыңгайлуу, жайлуу жана толук шарты бар жерде өз ара жолугушуп, баарлашып туруусуна шарт түзүү. Мындай шарт алардын жалгыздык чөйрөсүнөн чыгышына, жаш курактык өзгөчөлүктөргө жеңил көнүүсүнө жана жамааттагы коомдук иштерге активдүү катышуусуна көмөк боло алат дейт долбоор жетекчилери.

karuy4

Бул жерде карыялар келип эс алып кетүү үчүн 2 бөлмө заманбап оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн. Бөлмө турмуш тиричилик буюмдар, диван, телевизор жана башка керектүү эмеректер менен камсыздалган. Ошондой эле карылардын намаз окуусуна да шарт түзүлгөн. Ошондой эле имараттын жанына 4 орундуу мончо жана 2 орундуу даараткана курулган. Курулушка жалпы болуп 858миң сом каражат жумшалган.

Баткен шаарындагы жана анын айланасындагы айылдарда муктаждыкка ээ болгон,камкордукка алынган 30 карыя жаңыдан курулган мончого акысыз түшө алат. Ал эми мончого түшүүнү каалаган башка ардагерлер 50% арзандатылган баада төлөм төлөйт. Бул борбор жана жаңыдан ишке кирип жаткан мончо тейлөө акысынан чогултулган каражат эсебинен колдоого алынат. Тагыраак айтканда долбоор туруктуулукка ээ.

karuy3

Баткен шаарынын вице мэри Имигүлсүн Рыскулованын айтымында аталган борборду түзүү КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2015-2017 жылдарга карата кабыл алынган КРнын калкын социалдык жактан өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылды. Ошондой эле улуу муундун өкүлдөрүн мамлекеттин ар тараптан өнүгүүсүнө кызыгуусун арттыруу, карыларга кадырлуу карылыкты камсыздоо максатын көздөйт.

Долбоордун иш жүзүнө ашырылышы Баткен шаарындагы улгайган жарандардын социалдык экономикалык маселелерин чечүүгө жана калктын аярлуу катмары саналган кары адамдардагы жакырчылыкты басаңдатууга да өбөлгө болот дейт Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Эрмамат уулу.

karuy2

Бүгүнкү күндө Баткен шаарында 2500 пенсионер бар. Аларга ай сайын мамлекеттен чегерилген пенсиядан сырткары карылар күнүндө, ар кандай майрамдарда белектер берилип, ысык тамак уюштурулуп турат. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана муктаж болгон карыяларга акчалай жана материалдык жардамдар да берилет. Ошондой эле жалгыз бой, пенсиясы 2500сомго жетпеген, муктаждыгы бар 30 пенсионер ай сайын «Бабушка Эдопшн» кайрымдуулук фондунан 700 сомдон акчалай жардам алышат деп кошумчалайт А. Эрмамат уулу. Ал эми аталган фонддон 700сом өлчөмүндөгү акчалай жардамды област боюнча 415 ардагер алат деп билдирет «Бабушка Эдопшн» коомдук фондунун Баткендеги филиалынын директору А. Рахманов.

«Бабушка Эдопшн» коомдук кайрымдуулук Фондунун Баткендеги филиалынын директору Алмаз Рахмановдун айтымында бул борбор учурда Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди. Эми алардын атайын социалдык кызматкерлери бул борбордо иштей турган болду. Ал эми борбордун ишин көзөмөлдөө жагы шаардык Ардагерлер Кеңешине жүктөлдү.

Буга чейин аталган фонд тарабынан мындай борбор Сүлүктү шаарында да ачылып, борбор бүгүнкү күндө иштеп жатат. Ал эми Лейлек районунун Айкөл, Голбо, Миң-Жыгач жана Кара- Булак айылдарында ачылган күндүзгү борборлор жергиликтүү бийликтин кайдыгер мамилесинен улам кароосуз калып, ал жердеги эмеректер да жоголуп, карылар келбей калган деп кошумчалады А Рахманов.

Материал БУУнун Өнүгүү Программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигнин «КРда сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү, жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун» көмөгү менен даярдалды.

Чолпон Бердикулова, “Баткен таңы”, 28.09.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*