«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоодо коомдук фонддордун ролу чоң»

Жогорудагы макалаларда баамдаганыңыздай бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын да ар кандай максаттары бар. Кимдир бирөөсү жеке ишкердик кылууну , экинчиси билим алууну каалайт. Бирок, мамлекет тарабынан аларга мындай жагдайларда кандай жеңилдиктер берилген. Ушулар туурасында билүү максатында эксперт, «Луч Лотоса» мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо коомдук фондусунун директору Болуш Саиевге кайрылдык.

-Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын мектептерде билим алуусуна токтолсок, Ош шаарында көзү-азиздер жана Кара-Суу районунда дудук-дүлөйлөрдүн мектебин эске албаганда, биздин областта башка алар үчүн атайын билим берүү мекемелери жокко эсе. Ырас, айрым кесипчилик лицейлеринде мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздар билим алып жатышат. Алардын билим алуусуна шарттарды коомдук фонддор долбоорлордун алкагында жардам берип келишүүдө. Бирок ал долбоор да. Убактысы бүткөндө токтоп калат. Ал эми алардын арасында жогорку окуу жайда билим алууну каалагандарынын маселеси азырынча ачык бойдон калууда. Бул эми өзүнчө сөз.

Андыктан биздин фонд мүмкүнчүлүгү чектелгендердин билим алуусундагы көйгөйлөрдү дайыма көтөрүп келебиз.

Экинчиси, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ишкердик кылуусуна токтолсок, мында деле мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдик каралган эмес. 2008-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ишкердик, билим берүү жаатында дегеле алардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан атайын конфенция кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынганы менен Өкмөт ратификациялабай жатат. Анткени ал үчүн көп каражат кетет. Ошондуктан Өкмөт башчылары муну улам артка сүрүп келүүдө. Ушул маселеге байланыштуу биз Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигине бир нече ирет кат жолдодук. А тургай министр Кудайберген Базарбаевге кирип жолугуп да чыкканбыз. Бирок азырынча майнап жок.

Үчүнчүсү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга укуктук жактан жардам берүү жагын сурап жатасыңар. Мында коомдук фонддордун, мамлекеттик эмес уюмдардын ролу аябай чоң. Тек гана жогоруда белгилегенибиздей алар долбоорлор менен гана иштешет. Анын мөөнөтү бүткөн соң токтоп калат. Андыктан Өкмөт бул маселени да колго алуусу керек.

Бул макала Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы”, 25.09.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*