Ким болбосун жардам бере алат

jardam2

Азыр өлкөбүздө кайрымдуулук фонддорунун көп экени баарыбызга маалым. Бирок алардын ичинен алгылыктуу иш алып барып келе жаткандары чанда кездешет. Татыктуу иштерди жасап келе жаткан “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фондунун Хабибулла Арзыкулов бизде конокто..

Фонддун максаты эмне

Фонд 2008-жылы Юстиция минстрлигинен каттоодон өткөн. Биздин негизги максатыбыз – мүмкүнчүлүгү жетиштүү атуулдарды кызматка тартуу, аларды башкаларга жардам берүүгө үндөө, коомдун пайдубалын бекемдеп, жардамдашуунун көпүрөсү болуу. Колунда жокторго, кароосуз калган карыларга, майыптарга материалдык жана моралдык жактан көмөк көрсөтүү. “Өнөктөш үй-бүлө”, “Үзүлбөгөн үмүттөр” ж.б. долбоорлорубуз иштеп жатат. Бул долбоорлордо жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө социалдык, психологиялык, экономикалык, юридикалык, билим берүү, бош убактыларын уюштуруу жаатында колдоо, кийим-кечек жана тамак-аш менен камсыз кылуу каралган. Бизге кымбат, оор операцияга муктаж жарандар кайрылышат. Аларга “Beeline” уюлдук операторунун абоненттери 2015 кыска номерине СМС аркылуу жиберген 25 сом өлчөмүндөгү жардам көрсөтүүсүнүн эсебинен көмөктөшөбүз. Андан сырткары “Мээримдүү тыйын” долбоору аркылуу да операцияга муктаж адамдарга жардам көрсөтүлүүдө. Жылына эки жолу, май жана ноябрь айларында атайын жасалган кутучаларды таркатып, “Мээримдүү тыйын” акциясы өтүп турат. Бул акция жакшы жемиштерин берип келет.Аткарылган иштерге келе турган болсок, 35 акция, 8 долбоор ишке ашырылды.

Билим берүү боюнча

Билим берүү жаатында айта турган болсок, муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына агартуу иштери жүргүзүлүп жатат. Мектеп интернаттарында ж.б адистештирилген мекемелердин жогорку класстары үчүн англис тили, компютердик сабаттуулук, электрондук инженерия, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо, гимнастика, кулинария, көркөм адабиятчылардын кубогу, тренингдер, инсандык өсүп-өнүгүү программалары өтүүдө. Мындан сырткары балдарга гуманитардык жардамдар берилип келүүдө. 83 муктаж үй-бүлө жана 13 социалдык мекеме биз аркылуу туруктуу жардам алып келет. Медициналык жардамга муктаж болгон 33 оорулууга операция жасалды жана 100дөн ашуун адам дарыланууга жиберилди. Орозо, Курман айтта 100 миңден ашуун үй-бүлөгө, 45 социалдык мекемеге эт жана тамак-аш баштыктары таратылат.

Кимдер менен кызматташат

Жакында Европадагы “Тime to help – Yardim zaman” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 15 тонна кышкы кийимдерди Кант, Токмок, Сокулук жана Кара-Балта шаарларындагы карылар жана балдар үйлөрүнө барып, таратып келдик. Ушул күнгө чейин 8364 кийим-кече таратылды. Биз менен бирге иш алып барып, кызматташып келе жаткандар 372 массалык маалымат каражаттары, бизнес жана мамлекеттик мекемелер бар. Учурда 1256 ыктыярчы катталып, алар дагы колунан келген жардамын берип келишүүдө. Фондубуз менен чогуу окуу курстары, кесип үйрөтүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кайрымдуулук акцияларына,офис иштерине жана медициналык жардам берсе болот. Ар кесип ээлери өз тармагында салым кошо алышат. Бул боюнча 0777 776464, 0312 898622номерлерге чалып, маалымат алсаңыздар болот.

Аз учурда бере албаган, көп учурда да бере албайт

jardam1

Ар бир адам колунда бар мүмкүнчүлүгүн эли менен бөлүшкөндө чыныгы кайрымдуулук болот. Уул-кыздрыбызды бала бакчадан, мектептерден баштап кайрымдуулук кылганды үйрөтүү керек. Интернатта жашаган курдаштарын көрсөтүп турган жакшы. Элибизде “Көчөт кезде эгилбесе, чоң дарак кезде тигилсе кургап калат”, “Аз учурда бере албаган, көп учурда да бере албайт” деп айтылат. Азыр кээ бир бай адамдарыбыз бар, кайрылсаң, бир тыйын бербейт. Себеби ал жаштайынан кайрымдуулукка үйрөнгөн эмес. Берүү деген нерсени билбейт, берсе дагы аркасынан өндүрүп алганга аракет кылат. Өздөрү үчүн миллиондорду сарптайт. Бирок кыйналып жаткан тууганы, коңшусу же мекендеши үчүн бир тыйын сарптагысы келбегендер бар. Мекенден эле күтүп жата бербей, ар бир адам өзү ойлонуп, өзү аракет кылышы керек. “Мекен мен үчүн эмне кылды” эмес, балким “Мен мекенге эмне кылдым” деп жашашыбыз абзел. Ар бир адам өзүнүн өлкөсүн, урпактарын, алардын келечегин ойлошу керек. Эгерде бизде ушундай сезимдер чынында эле пайда болсо, анда тез эле өнүкмөкпүз.

Адамдарга балыкты эмес, кайырмакты кандай кармоону үйрөтүү

Эгер өлкө бай болуп, эли бири-бирине мээримдүү болсо кайрымдуулук фонддорунун деле кажети жок болмок. Бизде көйгөйлөр бар үчүн ушундай фонддор ачылып жатат. Кээ бир фонддордун артында ар кандай уюмдар, партиялар турушу мүмкүн. Кыргызстандагы ишкерлердин демилгеси менен ачылган “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду элибиздин социалдык көйгөйлөрүн чечүү, кайрымдуулук, боорукерлик максаттарынан башка эч кандай максатты көздөбөйт. Адамдарга балыкты эмес, кайырмакты кандай кармоону үйрөтүү керек. Себеби адамдар “мени багат, мени карайт” деген түшүнүктө жашап калышат экен. Кээ бирөөлөр бар, төшөктөн тура алышпайт, аларды караш керек. Бирок алты саны аман соо, бирок жалкоолуктан улам эч нерсе кылбай жүргөндөр бар. Ошол жалкоолуктан улам иш кылбай жүргөн адамдарыбызды атайын курстарга чакырып, ал жерден окутуп, бир иште иштеп, адал эмгек менен акча табуусуна жардам бергенге аракет кылабыз.

Кайрымдуулук фонду эмнеге түзүлөт

Кээ бир адамдар бизди тилемчи деп ойлошу мүмкүн. Бирок тилемчи менен “кайрымдуулук” фонддорунун айырмасы бар. Эгер тилемчи жардам сурай турган болсо, аны эч ким изилдебейт, ал эми бизге окшогон фонддун баарын изилдешет. Чын эле бул кайрымдуулук ишке муктажбы, каяктан канча акча алат, жашоосу кандай, мына ушулардын баарын изилдеп чыгып, эгер чын эле муктаж болсо биз аркылуу кайрымдуулук иштери жасалат. Көчөдөгү тилемчи балким жалкоолуктан улам “бизнес” кылып жаткандыр.

Алдыда болуучу иштер

Жакын арада болуучу акцияларыбыз – Курман айтка карата эт таратуу жана кышка даярдык. Кышта эң негизгиси жылуулук эмеспи. Ошондуктан жакында “Көмүр алып берүү” акциясы болот. Бул акцияга чет өлкөдө мекенди сагынып, мекен үчүн бир нерсе кылсам деген жарандарыбызды кызматташууга чакырсак деген пландарыбыз бар. Буйруса, 2015-2016-жылдардын аралыгында эң көп жарандарыбыз жашаган Россияга барсакпы деп турабыз. Буйруса, пландарыбыз көп, ошолор ишке ашсын деп тилейли!

Элибизден элибизге

jardam3

Биздин иш “элибизден элибизге” кайра берүү. Эл ортосунда көпүрө болуу. Бирок ошол көпүрө күчтүү, ишенимдүү болгону жакшы. Бай менен муктаждын ортосунда көпүрө болуш керек. “Байды кедей жакшы көрүш үчүн бай ага зекет бериш керек” дегендей. Негизи эле берүүчү адамдарды үч топко бөлүп карасак болот. Биринчиси – “бал аарысы”. Мисалы, аары адамдар балымды алып коюшат деп бал кылбай койбойт да. Ошондой “бал аарысы” болуш керек, суратпай эле алып келген. Ал эми экинчиси “мочалка” сыяктуу, ага барып айтып түшүндүрүп, сыксаң бир нерсе чыгат. Үчүнчүсү – “таштар”, ага канча айтсаң да, эч нерсе таасир этпейт.

Саресеп

1 Comment

  1. Саламатсыздарбы!жардам бере аласыздарбы тамыбыз жогорку соттон чечилсе да улам эле арыз киргизип выселения караларда эле создуктуруп арыз берип атат.Там жолдошуман калган кайын эжем талашып 2 балам менен 5 неберем менен квартирада жашап атабыз .адвокатка толук акча бере албай жатам .андан сырткары кредитим да бар адвокат жалдаганга алгам .карыз болуп кыйналып кеттим .сиздерден кайрымдуулук жардам болобу деп суранып жаздым .

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*