Кыялдагы үй: Майып адамдардын көбү жеке турак-жайдан үмүт үзүшкөн

Кыргызстанда расмий маалыматтарга таянсак, 168 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Азырынча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык укуктарын коргоо, анын ичинде турак-жай менен камсыздоо өз деңгээлинде ишке ашырылбай келет. Жеке менчик турак-жайынын жоктугу- майып адамдардын эң эле курч маселелерин бири.

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга турак- жай берүү маселесин КРдин Социалдык өнүгүү министрлиги координациялайт.

bazarbaev

“Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 168 миңден ашык, анын ичинде 27 миңи 18 жашка чейинкилер болуп саналат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын турак-жай маселесин биздин министрлик координациялайт. Андан тышкары Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коому да бул багытта иш алып барууда. Азыркы учурда батир алыш үчүн кезекте 700 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жараныбыз турат. Азиздер жана дүйлөйлөр коому аркылуу 653 батир майыптарга берилген”,-дейт министр Базарбаев.

КРдин Социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Алыбаева аялуу катмарга кирген жарандардын турак-жай алуу укуктары боюнча төмөнкүчө токтолду.

“Негизинен Кыргызстанда Турак-жай кодексинин 44-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 1 жана 2 топтогу эмгек майыптары турак-жайды кезексиз жана биринчи алууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн. “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесине ылайык, турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болушкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана өзүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар үй-бүлөлөр эсепке алынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак -жай менен камсыз кылынат”,-дейт Алыбаева.

Бирок бул мыйзамдарда көрсөтүлгөндөрдү ишке ашырыш үчүн мамлекеттин каржылоосу зарыл. Алыбаеванын айтымында, Социалдык өнүгүү министрлигиндеги ал жетектеген бөлүмгө турак-жай алууну сурап кайрылган жарандар көп келет. “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бизге турак-жай, батир алуу маселеси менен кайрылган убакта, биз алардын тиешелүү жашаган жеринде, башкача айтканда каттоодо турган жериндеги районго жаранга турак үй, жер үлүшүн бөлүп берүү боюнча өтүнүч кат же ходатайство жөнөтө алабыз. Мындан тышкары Кыргызстанда азиздер жана дүлөйлөр коому бар, алардын аракети менен былтыр Бишкек шаарынын “Көк-Жар” кичи районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курулган көп батирлүү үй пайдаланууга берилди. Турак-жай ошол коомдо көп жылдан бери эмгектенип келген, кезекте турган азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө биринчи кезекте берилди. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын турак үй, батир алуусу боюнча кезекте канчасы турат, бул маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошол жарандардын катталган жашаган жери боюнча айыл өкмөтү карайт”,-деп түшүндүрдү бөлүм башчы.

 

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын басымдуу бөлүгү жакындары, туугандары менен жашайт, алардын арасында жеке турак-жайга ээ болуу үчүн кезегин бир канча жылдап күткөндөр же бул маселе боюнча кимге кайрыралын билбегендер бар. I топтун майыбы Бакыт Жаныбековдун курагы кыркка чыгып калганына карабай, ушул күнгө чейин жатак үйдө туруп келгенин айтат.

“Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Маловодное айылындагы балдар интернатынан өзүмдүн ата-энемдин үйүнө биротоло которулуп келгениме бир аз убакыт болуп калды. Буга чейин ошол жатак үйдө элем. Жатак үйдө 30 жашка чейин кабыл алышат экен да, кийин 40 жашка чамалап калганыңда облустардагы бөлөк жатак интернаттарга которуп жиберет. Мен да быйыл күздө 40ка чыгам, интернаттын директору өтө жакшы инсан, ал мени “сен жакшы адамсың, башка жакка которбойбуз” деп өзүмдүн ата-энемдин үйүнө которду. Мен өзүмдүн үй-бүлөм, турак-жайым болсо деп кыялданам. Бирок бул кыялым качан ишке ашарын билбейм, дегеле жер алыш, батир алыш үчүн кимге кайрылышты дагы билбейм. Менин жеке үйүм болсо деген үмүтүм бул жашоодо кыял бойдон эле калат болуш керек”,-дейт ал.

Бишкек шаарынын тургуну, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бири Күмүшай Курманбекованын айтымында, анын батирин ата-энеси алып берген. “Ата-энемдин көзү өтүп кеткенине бир канча жыл болду. Алар 90-жылдарда, элет жеринен алгачкы ички мигранттар Бишкекке көчүп келе баштаганда колунда болгон малын сатып, мен жашап жаткан үйдү иниме алып беришкен. Бир туугандарым болуп баарыбыз жашачубуз. Иним келинчеги экөө Россияга иштеп кеткен. Азыр эми бул үйдө жалгыз жашайм. Сыртка чыгуу дагы кыйын. Туугандарым жөлөк пулумду алып келип беришет. Өзүмдүн үйүм жок. Кезекке туруп батир алуу тууралуу дегеле оюма дагы келген эмес. Мамлекет мен өңдөнгөн буту-колу майып адамдарды эмес, соо адамдарды турак-жай менен камсыздай албай жатат. Ошондуктан турак-жай же жер тилкесин алуудан үмүтүмдү эбак эле үзгөм. Бизге насыя же ипотекалык насыя дагы беришпейт. Анткени жумушубуз жок. Иштейин десең ылайыктуу иш жок”,-деп жооп узатты Курманбекова турак-жай маселеси тууралуу ой бөлүшүп жатып.

Жыйынтыктай келгенде өкмөттүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык турак жай куруу багытында бирдиктүү программасын иштеп чыгуу кажет экенин турмуш ырастоодо. Бул жерде майыптарга ипотека берүү, аларды жумуш менен камсыздоо жана башка жагдайлар тыгыз талданып чыгып, маселени комплексттүү кароо сунушталат.

Ошондой эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кездешкен толгон-токой маселелердин, анын ичинде турак- жайга ээ болуу укуктарын камсыз кылыш үчүн алардын укуктарын коргой турган Мүмкүнчүлүгү чектелген тараптардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо зарылдыгын адистер белгилешүүдө. Майып адамдардын укуктарын коргоо жөнүндө конвенцияны Бириккен улуттар уюмунун Башкы

Ассамблеясы 2006-жылы кабыл алган. Кыргызстан бул конвенцияга 2011-жылы кол койгон, бирок анын жоболорун ишке ашырыш үчүн аны ратификациялоо кажет. Конвенциянын негизги максаты-мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды алар толук кандуу жашоодо жашоосу үчүн укуктарына кепилдик берүү. “Бул конвенция ратификациядан өткөрүлсө, мамлекет бир катар милдеттерди өзүнө алып, БУУнун алдында отчет берип турмак” дешет эксперттер.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жанаФинляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Гүлнур Жумалиева, Кабар ордо, 15.09.2015-ж.

URL: http://www.kabarordo.kg/263315

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*