Азамат БЕРДИЯРОВ: «Көзүм азиз болгону менен көкүрөгүм көңдөй эмес»

Элибизде «Көзү сокур болсо да, көкүрөк сокур болбосун» деген жакшы макал бар. Табиятынан азиз болуп,  жашоонун аткан таңы менен баткан күнүн, ачылган гүлдөрү менен күбүлгөн жалбырактарын ачык көрө албаса да, айрым көздүүлөр сезе бербеген табият сулуулугун жүрөктөн туюп, жашоодон каниет алып жашаган каарманыбыз Азамат бизге өзүнүн тагдыры тууралуу айтып берди. Мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, Азамат «Манас жаңырыгы» радиосунда ди-джейлик кызматты аркалап келет.

azamat1

 

– Мен 1991-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөм. Төрт бир туугандын улуусумун. Көзүм тубаса көрбөйт. Көзүм азиз болгону менен көкүрөгүм бош эмес деп айтып калам. Биз көзү көрбөгөндөр айрым алты саны соо адамдар жасай албай турган нерселерди жасайбыз. Айрым жашоосуна нааразы болуп, жалкоолонгон адамдарды жек көрөм. Ѳзүм айылда туулсам да Бишкектеги Көзү азиздердин мектебинен билим алдым. Мектепти аяктап, 2013-жылы КММАнын алдындагы колледждин Санитардык иш бөлүмүнө тапшырдым. Ал жерде атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бөлүм бар. Жатаканасы да атайын майыптар үчүн ыңгайланышкан. Жатаканада бирге жашаган балдардын мүмкүнчүлүгү чектелгени менен көбү аракетчил, тың. Алардын жан дүйнөлөрү, жүрөктөрү, келечекке болгон тилектери майып эмес. Кандай болбосун дайыма алдыга умтулушчу. Колледжден мыкты окуучулардын катарын толуктап, жогорку деңгээлдеги билим алып чыктым. Кесибим – профессионалдуу укалоочу. Студент кезде кесибим боюнча тажрыйба топтоо максатында практикаларга чыгып жүрчүмүн.  Окуумду аяктагандан кийин өз кесибим менен эмес, радиодо ди-джей болуп иштеп калдым.

azamat2

«СМСтерди окуу мүмкүнчүлүгүм чектелгендиктен каттарды кесиптештерим окуп берет»

– 2015-жылы «XXIrылым», «Миң Кыял FM», «Санжыра» радиолорунда иштедим. «Миң Кыял FM» радиосуна тажрыйба топтоо максатында барып жүргөндө Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген диктор Нурматова Шалима эже өзүнүн чөнтөгүнөн айына мага 2000 сом «сага айлык болсун» деп берип турчу. Себеби, мен айлык маяна алчу эмесмин. Учурда «Манас жаңырыгы» радиосунда ди-джейлик кызматты аркалап келем. Радиодо «Cагызган сааты» деген долбоорум бар. Ал чыныгы журналисттердин жашоосун чагылдырган долбоор. Аптасына бир жолу эфирге чыгарабыз. Менин радиодо иштеп калышыма Гүлшан Кулматова эженин тийгизген таасири чоң. 2001-2003-жылы коомдук биринчи каналда иштеген Гүлшан Кулматова эже баштаган журналисттер тобу биздин азиздер мектебин сьемкага тартканы келип калышты. Алар ар бирибизден «сен чоңойгондо кайсы кесиптин ээси болууну каалайсың?» деп сурап жатышкан. Мен «Алып баруучу болом» десем, «Кандай алып баруучу болосуң? Кимди туурайсың? Кана туурачы» дегенинен ди-джейлерди туурап бергем. Ошондо ал эжекебиз «Таланттуу жигит экен. Бул балага жардам беришибиз керек» деп Мыктыбек Арстанбековдун радиодогу долбооруна алып келген (кайсы долбоор экени эсимде жок). Ал жерден Нуркыз Исакова деген эжекебиз радиодо иштөө жолдорун үйрөттү. Албетте, башында радиодо иштөө мен үчүн кыйынчылыкты туудурбай койгон жок. Мисалы, угармандардан келген СМСтерди окуу мүмкүнчүлүгүм чектелгендиктен, аларды мага кесиптештерим окуп берчү. Мен аларды жаттап, кайра радиодон айтчумун. Ал эми телефон чалууларды өзүм эле кабыл алып жаттым. Негизи ди-джей болуу менин бирден бир кыялым болгондуктан, тез эле көнүп кеттим.

azamat3

«Мекемелер мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жумушка алышпайт»

– Кудайга шүгүр, азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар окуп билим алып жатышат. Бирок, алар окууну аяктагандан кийин жумуш таба албай бир топ бушайман болушат. Мекемелер мүмкүнчүлүгү чектелгенин көрүп жумушка алышпайт. Мисалы, мен радио тармагында жумуш караштырганымда көзүм азиз экенин көрүп ар кайсы шылтоолорду айтып албай коюшкан. Мен да аны сезип ал радиолорго барбай калгам. Мамлекетибиз ушул жагын көзөмөлдөп, мүмкүнчүлүгү чектелген, билимдүү балдарыбызды жумуш менен камсыз кылса дейм. Бул бир. Экинчиден, турак жай маселеси. Азыркы заманда көзү көрбөгөн адамдар эмес, алты саны аман, ден соолугу сак адамдарды турак-жай маселеси түйшөлтүп келет. Жашоо жылдан жылга оорлоп барат. Ѳзүм батирде карындашым менен турам. Айына 4 миң сом төлөйм. Үчүнчүдөн, жол чырактарынын аздыгы. Жолдон өтүү биз үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Айрым түшүнгөн адамдар жетелеп өткөрүп коюшса, кай бири жөөлөп кетишет. Аны менен катар коомдук транспорттогу автоунааларды сүйлөтүп койсо жакшы болмок. Себеби, бизге коомдук транспортко түшүү өтө кооптуу. Болжогон жериңе да жете албай каласың. Андан улам дайыма такси менен жүргөнгө туура келет. Айына 6 миң сом айлык алсам, анын 5 миң сому жолума кетет. Башкача айтканда, алган айлык маянам жолума эле коройт. Эми карындашым айылга кетсе, алган маянам жолума кетсе кантип, кайда жашайм деп бушайман болуп атам. Мамлекетибиз ушул жагында чечип берсе жакшы болот эле. Мисалы, Кыргызстанда көзү көрбөгөн жалгыз ди-джей бар экен деп мага такси кызматтарын бекер кылып койсо деле жакшы болот эле деп ойлойм.

azamat4

«Жашоодо айрым нерселерден мүмкүнчүлүгүң чектелет»

– Жашоодо айрым нерселерден мүмкүнчүлүгүм чектелип калат. Бирок аракет, келечекке болгон аруу тилектер адамдардын чектелген мүмкүнчүлүгүн талкалай турганына ишендим. Мурда таяк («трость») менен басып көнө элек кезде жумушума досторум жетелеп алып барып, жетелеп алып келип турушчу. Кыргызда «досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берейин» деген сөз бар го. Анын сыңарындай, мен доско баймын. Алар мага жардам берип, колдоп турушат. Бирок, алар дайыма менин жанымда боло алышпайт да. Алардын да өздөрүнүн жумуштары бар дегендей. Ошондон улам азиздерде таяк менен басканды үйрөткөн курска барып, бир айдын ичинде таяк менен басканды үйрөнүп кеттим. Азыр Кудайга шүгүр. Негизи биздин көзүбүз көрбөгөнү менен сезүү органдарыбыз мыкты иштейт. Мисалы, мен маектешимдин кандай адам экендигин үнүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн туя билем. Бул жагы мен үчүн кыйынчылык деле жаратпайт.

azamat5

Эгер сиздин мүмкүнчүлүгүңүз чектелген болуп, сизди жумушка албай жатса эмне кылуу керек? Укугуңузду билиңиз!

  • 2008-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарына 5% квота берилген.
  • Жумуш берүүчүлөр бергиленген квотаны эске алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундуктарын түзүүгө милдеттүү. Эгерде жумуш берүүчүлөр майыптарды жумушка алуудан баш тартышса, атайын квотанын негизинде 8 миң сомдон 10 сомго чейин айып-пул салынат. Бул көрүнүш бир нече жолу кайталанса, айып-пулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлүп, 15 миң сомдон 20 миң сомго чейинки каражатты түзөт.
  • Мыйзамда «мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери майыптардын укугун бузган болсо кызматынан четтетилет» деген норма каралган. Эгерде чиновник мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын укугун бузса кызматынан четтелет.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит Клиника», 17.09.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*