60 жашка чыккан жарандар үчүн 1994-жылдагы паспортторду 2004-жылдагы паспортко алмаштыруу мөөнөтсүз негизде жүргүзүлөт. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, 1994-жылдагы паспортту 2004-жылдагы үлгүсүнө алмаштыруу бекер жүргүзүлөт. Алмаштыруу үчүн 60 жашка чыккан жарандар катталган жери боюнча паспорт бөлүмүнө кайрылышы керек. Өз мезгилинде документациялоо максатында 1994-жылдагы паспортту ID-card үлгүсүндөгү паспортко алмаштыруу жеңилдетилди. Алмаштыруу үчүн эски үлгүдөгү паспорт, КРнын социалдык фонду тарабынан берилген ПИН-код жана 4х6 үлгүсүндөгү 2 фото керектелет.
Паспортторду алмаштыруу ИКАО – Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандартына ылайык, ИКАОго мүчө-бардык өлкөлөрдүн жарандары эл аралык учууда машина эсептөөчү, башкача айтканда электрондук жол менен толтурулган паспорту болуусу керектигине байланыштуу.
Мурда мөөнөтсүз узартылган КРнын жарандарынын 1994-жылдагы паспорттун үлгүсү чет өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстан менен чектеш өлкөлөргө чыгууда колдонулбайт.
КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылы 6-июль №446 “КРнын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринин күчүн жоготкондугун таануу тууралуу” токтомун аткаруу максатында КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы 60 жашка чыккан жарандарына бекер паспорт берүү кампаниясын баштады.
Leave a Reply