Кош бойлуу аялдар ММК полисин акысыз алышат

kosh

КРнын Өкмөтүнө караштуу ММК Фонду Мамлекеттик кепилдиктер программасын тескейт, аталган программа калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жеңилдетилген шартта камсыз кылууга жана саламаттык сактоо жаатында жарандарды социалдык жактан коргоого багытталган.

Бул программада кош бойлуулугу боюнча каттоого турган аялдар үчүн жеңилдетилген медициналык кызматтар каралган.

ҮДТда, ҮМБда кош бойлуу мезгилинде аялдарга төмөнкү медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлөт:

– катталган жана жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кош бойлуулугу боюнча каттоого алуу (кош бойлуунун жеке картасынын наркын төлөбөстөн);

– врачтын үйгө каттоосу, кеңеш берүүсү жана кароосу;

– ҮДТҮҮМБнын деңгээлинде лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр;

– стоматологдун профилактикалык кароосу жана ооз көңдөйүн санациялоосу;

– үй-бүлөнү пландоо боюнча кеңеш берүү;

– алмашуу картасын берүү.

– Дагы бир жолу биздин аялдардын эсине сала кеткибиз келет, төрөт, ичтен жарып алган операция аркылуу төрөт бардык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында акысыз жүргүзүлөт. Мындан тышкары, кош бойлуулугунун патологиясы бар, ошондой эле төрөттөн кийин оорусу өөрчүп кеткен аялдар акысыз стационардык дарылануудан өтүшөт.

– Баланын жана эненин ден соолугун коргоо маселеси саламаттык сактоо системасын реформалоонун приоритеттүү багыттарынын бири катары КРнын Өкмөтү тарабынан 2012-2016-жылдарга карата кабыл алынган. КРнын “Ден соолук” улуттук программасында чагылдырылган жана кош бойлуулугу боюнча эрте каттоого турууну, аз кандуулукту өз убагында аныктоону жана темир камтылган препараттарды жана фолий кычкылын дайындоону, жугуштуу ооруларды аныктоону жана дарылоону, гипертензивдик бузулууларды эрте аныктоону ж.б. өз ичине камтыйт. Жогоруда саналып өткөн иш-чаралар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Ошондой эле ММК фонду жана КРнын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынат.

– Биздин өлкө үчүн эненин жана баланын ден соолугун коргоо маселеси бир кыйла актуалдуу болуп эсептелет, анткени бизде негизинен көп балалуу үй-бүлөлөр басымдуулук кылат. Аялдардын дарыгер тарабынан сунушталган төрөттөрдүн ортосундагы тыныгууну сактаган учурлары сейрек кездешет. Ошого байланыштуу, дээрлик ар бир кош бойлуу аялда аз кандуулук жана йоддун жетишсиздиги кездешет. Көпчүлүк үй-бүлөлөр каржы жагынан кыйынчылык тартып келгендиги эч кимге деле жашыруун эмес, ошондуктан түйүлдүктүн толук кандуу өнүгүүсү үчүн кош бойлуулуктун биринчи жумасынан тартып кабыл алуу зарыл болгон дары-дармек каражаттарын сатып алышпайт. Он жылдан ашык убакыттан бери ҮДТҮҮМБнын деңгээлинде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча ММКнын кошумча программасы иштеп келет. Жогоруда аталган программанын алкагында үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан жазылып берилген ММК рецепттери боюнча бир катар дары-дармек каражаттарын орточо 50% жеңилдик менен сатып алууга болот. 200дүн тегерегиндеги кепилденген дары-дармек каражаттарынын тизмеси «ММКнын Кошумча программасы жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын маалымдамасында» келтирилген, аталган маалымдама менен дарыгерден, дарыканадан жана ММК фондунун сайтынан таанышса болот. Башка дары-дармек каражаттары менен бирге эле Маалымдамада төмөнкү препараттар бар: фолий кычкылы, кош бойлуулуктун биринчи триместринде кабыл алуу зарыл болгон курамында йоду бар препараттар, кош бойлуу аялдардын аз кандуулугун алдын алуу үчүн курамында темир камтылган препараттар, бактерияга каршы препараттар.

Кош бойлуулугу боюнча каттоого турган, камсыздандырылбаган аялдардын ММКнын Кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек каражаттарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн, ММК фонду тарабынан белгилүү бир кадамдар жасалды. Тактап айтканда, аларга ҮДТҮҮМБ аркылуу ММК полистерин акысыз таркатуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошентип, ММК полисине ээ болуу менен, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдар камсыздандырылгандардын категориясына кирет жана амбулатордук деңгээлде ММКнын Кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн, ММК фонду тарабынан киши башына ченемдин өлчөмү кайра каралып чыгып, ММКнын Кошумча программасы боюнча дары-дармек менен камсыз кылуу программасынын бюджети 2015-жылга 206,4 млн. сомго чейин жогорулады.

ММК полисин алуу үчүн кош бойлуу аялдар жашаган жери боюнча ҮДТҮҮМБда үй-бүлөлүк дарыгерден белгиленген үлгүдөгү арыздын бланкын алып толтуруусу зарыл. ММК полисинин иштөө мөөнөтү – алган күндөн тартып 12 календардык ай.

ММК полисине ээ болуу менен, кош бойлуу аялдар үй-бүлөлүк дарыгерден жеңилдетилген ММК рецебин алып, дарыканадан болжол менен 50-60% жеңилдик менен дары-дармек каражаттарын сатып ала алышат.

Белгилей кетүү керек, биздин республиканын камсыздандырылбаган жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтылышын кеңейтүү, алардын женилдетилген шартта медициналык кызматтарды алууга болгон жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, ММК фонду тарабынан акы төлөнүүчү негизде наркы 500 сом болгон, бир жылга эсептелген ММК полистери сатылат.

Бул категорияга камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдар да кирчү, ар кандай себептерден улам, ММК полисин сатып алууга бардык эле аялдардын мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Ошондуктан, жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, ММК фонду кош бойлуу аялдар үчүн ММК полистерин акысыз таркатуу жөнүндө чечим кабыл алды. Кош бойлуу аялдар үчүн ММК полистерин таркатуу 2015-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө республика боюнча кош бойлуу аялдарга 11707 ММК полиси таркатылды. Бул сан күндөн-күнгө өсүүдө. Бул долбоор менен кош бойлуулугу боюнча каттоого турган аялдардын кош бойлуу мезгилинде зарыл болгон жеңилдетилген дары-дармек каражаттарына жеткиликтүүлүгү камсыздалат деп ишенгим келет.

Ар кандай суроолор болгондо кошумча маалымат алуу, даттануу же ыраазычылык билдирүү үчүн, ММК фондунун коомдук кабылдамасына же «ишеним телефону» аркылуу 66-05-29, ошондой эле жазуу жүзүндө ММК фондунун сайтына www.foms.kg кайрылсаңыз болот.

Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Айпери Сапарбаева, Кызыл Туу, 23.08.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*