Кызыл камчы курмандыктары

nasilie

Бүгүнкү күндө үй-бүлөдөгү аялдарга болгон зордук-зомбулук маселеси глобалдашып, учурдун актуалдуу бир көйгөйүнө айланды. Расмий иликтөөлөр боюнча Кыргызстанда жылына ур-токмокко кабылып атайын органдарга кайрылган аялдардын арызы миңдеп саналат. Аялдарга кордук көрсөткөн кызыл камчы күйөөлөр болсо, өз жазыктарын албай, аялын ур-токмокко алууну үй-бүлөлүк жашоонун атрибуту катары көрүп келишет.

Кыргызстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлөдөгү аял зордук-зомбулукка кабылып, психикалык жана физикалык жактан запкы жеп келет. Айрымдары атайын органдарга убагында кайрылып жардам сурашса, көпчүлүгү көйгөйүн ачык айтуудан баш тартышып, мындай көрүнүштү аялзатынын тагдыры катары көрүп, жашырып келишет.

Ички иштер министрлигинин берген маалыматы боюнча 2012-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук жасап каттоого түшкөн эркектердин саны 2341 болсо, 2013-жылы 2265ке жетип, булардын ичинен 1011 адамга административдик айып берилген. 2013-жылы ур-токмокко кабылган аялдардын 11и көз жумган. Ошондой эле бул жылдар аралыгында аялдарга карата кылмыш жасоо боюнча жалпысынан 20 иш сотко жиберилип, жыйынтыгы белгисиз бойдон калган. Ал эми 2014-жылы 2542 аял зордук-зомбулукка кабылгандыктары туралуу атайын арыз менен тиешелүү органдарга кайрылышкан. Темир тор аркасындагы аялдардын 60 пайыздан ашыгы да күйөөсү кол көтөргөн учурда сактанабыз деп, кокустан өлтүрүп алып жазага тартылгандар.

“Жолдошум мени өлтүрүп коет деп коркуп, милицияга барбай жүрө бергем, качан гана төшөктөн тура алгыс кылып сабаганда баарын ачыкка чыгарууну туура көрдүм” деген Бейназир айым төмөнкүлөргө токтолду: “Күйөөмдү жактырып, анан турмушка чыккам. Башында эл катары жашап жүрдүк. Казан-аяк кагышса, үй-бүлөдө боло берет деп көз жумуп койчумун. Балалуу болгондон кийин эле күйөөм көп ичип, себепсиз эле колу тийчү болчу. Эл укса эмне болот деп, туугандарыма айтпай эле жүрдүм. Акыры мени көгала кылып, бейтапканага түшкөнчө сабагандан кийин милицияга арыз жаздым. Кайненемдер келип, өз жолдошуңду да соттотуп жибересиңби, балдарыңдын келечеги кандай болот дегенинен кайра арызымды алып, ажырашып тындым”. Бейназир учурда эки баласы менен жалгыз жашап жатканын, күйөөсү бир да жолу басып келбегенин кошумчалай кетти.

Кызыл камчы күйөөсүнөн качып, кайда барарын билбеген аялдар атайын убактылуу кризистик борборлордо баш калкалашат. Республикадагы Кризистик борборлор ассоциациясынын берген маалыматы боюнча Кыргызстанда жалпысынан 10 кризистик борбор бар, анын экөө Бишкекте жайгашкан. Бирок Кыргызстан үчүн бул сандагы кризис борборлору аздык кылып келет. Алсак, 2013-жылы Бишкектеги “Сезим” кризистик борборуна  77 аял кайрылган. Ал эми жардам суроо иретинде ишеним телефонуна бир жыл ичинде 915 чалуу кабыл алынган.

Кризистик ассоциациясынын мүдүрү Александра Елиференконун атайын булактарга берген маалыматы боюнча “Мен үй-бүлө башчысымын” деп, аял укугун эң акыркы орунга коюп, “Ал үй ишин кылат, бала тарбиялайт, ал кымбат кийим-кечени эмне кылат, эч жакка чыкпайт” деп психологиялык кысым көрсөткөн эркек кишилер Кыргызстанда өтө эле арбын. “Литвада калктын аздыгына карабастан, кризистик борборлор 40тан ашат, Лондондо болсо, 90 борбор бар. Бизде болсо, болгону 10 борбор бар, ал жакка жылына 10 миңден ашык адам кайрылат”, – деди ал.

Саламаттыкты сактоо министирлигинин берген маалыматы боюнча ур-токмоктун негизинде оор жана жеңил жаракат алып, атайын медициналык мекемелерге кайрылган аялдардын саны 2012-жылы 3427 болсо, 2013-жылы 3567ни түзгөн. Ошондой эле дарыгерлердин айтымында, көпчүлүк айымдар ур-токмокко кабылгандан кийин кандай гана жаракат албасын, өз алдынча үй шартында дарыланууну эп көрүшөт. Бейтапканага кайрылгандардын катарын катуу жаракат алгандар түзөт.

Психологдордун айтымында, жубайына кол көтөргөн эркектердин көбү атасы апасын ур-токмокко алган үй-бүлөдө чоңойгон адамдар болуп саналат. Ошондой эле өздөрүнүн алсыз болгонунун натыйжасынан аялын уруп, өзүнүн күчтүү экенин далилдегиси келет. Буга кошумча үй-бүлөдөгү аялдарга болгон зордук-зомбулук алкоголдук ичимдиктин натыйжасынан, кызганычтан чыгарын да психологдор далилдеп келишет.

Дүйнө жүзүндө жалпысынан аялдардын 35 пайызы зордук-зомбулукка кабылып келет. АКШда бир жылдын ичинде 1000ге жакын, Францияда 122 аял ур-токмоктун айынан көз жумса, Россияда аялдардын 80 пайызы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары болушат. Аялдарга кол көтөрүү өзгөчө Орто Азия, Кавказ жана мусулман өлкөлөрүндө көп катталат.

Юрист Асель Рысбаеванын айтымында, кыргыз коомунда аялдар көпчүлүк учурда жолдошунан көз каранды болушат. Бул көрүнүштүн негизинде чексиз бийликке ээ болгон күйөөлөр каалаганын жасап, кол көтөрө баштайт: “Эркектердин аялдарга кол көтөрүүсү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104,105, 111 жана 112-беренесине ылайык адамдын өздүгүнө каршы жасалган кылмыш болуп эсептелинет. Ур-токмокко, зордук-зомбулукка кабылган аял укук коргоо органдарына кайрылуусу керек.

Бирок укук коргоо органдары бул сыяктуу көрүнүштөргө кылмыш ишин козгоого көп ашыга беришпейт. Козголгон кылмыштар болсо, көпчүлүк учурда сотко жетпестен, иликтөө учурунда эки тараптын элдешүүсү менен аяктап калат. Мунун натыйжасынан айтылуу көрүнүшкө тиешелүү жазык иштеринин преспективасынын жоктугунан тартип коргоочулар көп аракет жумшабастан, эки тараптын конфликтин мыйзамсыз эле чечип алуусун туура көрүшөт.

Ошол себептүү ур-токмокко кабылган аялдар күйөөсү кол көтөргөн учурда жашырып койбостон, жакындарына, туугандарына, кризистик борборлорго кайрылып, абалды чечкиндүү колго алыш керек. Жеңил жаракат алса дагы милиция бөлүмдөрүнө арыз жазып, Медициналык экспертиза борборуна жаракатты тастыктоо үчүн жолдомо алуусу абзел,”.

“Мутакаллим” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызынын айтымында, ислам дининде эркек үйлөнгөндөн кийин ал аялды бөпөлөп, баркына жетип жашоосу керек. “Ислам дини боюнча эркек аялын урганга акысы жок. Болгону нисфак менен урууга уруксат берилген. Нисфак менен уруу – бул аялды токтотуу негизинде акырын чаап коюу. Пайгамбарыбыздын “Бейиш эненин таманынын астында” деген хадиси бар, ошол себептүү аялдын ыраазычылыгын алып, баркына жетип жашоо керек. Биздин коомдо аялды урат десе эле тепкилеп жатып калышат, ошондой эле аялдар да күйөөм мени урса, жакшы көрөт деп ойлоп жашай беришет,” – дейт Жамал айым.

Үй-бүлөдө казан-аяк кагышып турат дегендей, турмушта ар кандай учурлар кездеше берет. Бирок жашоонун маңызы болгон аялзатына сый көрсөтүп, аздектебестен, алардын мээримин, аруулугун тепселеп кол көтөргөн эркектер өздөрүнүн алсыздыгынан кабар беришет. Айтылуу көйгөй курчуп, курмандыктары көбөйүп кете электе коомчулук, мамлекет өз учурунда чара көрүп, алдын алуулары абзел.

Саресеп

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*